Чек арадагы куралдуу жаңжал: Үч кыргызстандык жана Тажикстандын эки жараны соттолду

Маалымат 15:20да жаңыртылды

Лейлек райондук сотунун имараты. 2021-жыл 21-сентябрь. Сүрөт: «Азаттык».

Баткен облусунун Лейлек райсоту 14 жана 21-сентябрда үстүбүздөгү жылдын апрель айынын аягында кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжал учурундагы кылмышка айыпталган Тажикстандын эки жаранын жана үч кыргызстандыкты күнөөлүү деп тапты. Бул тууралуу «Клоопко» Баткен облустук сотунан билдиришти.

Биринчи өкүм

Лейлек райондук соту Тажикстандын жарандары Абдурозик Каххоров менен Аскар Юнусовду эки өлкөнүн чек арасындагы куралдуу жаңжал учурунда болгон окуялардын негизинде «Тынчтыкка каршы кылмыштар» жана «Талоончулук» беренелери менен күнөөлүү деп тапты. Экөө тең өмүр бою эркинен ажыратылып, 280 миң сом айыпка жыгылды.

«Озоди» радиосунун («Азаттыктын» Тажикстандагы бюросу) маалыматына ылайык, Тажикстандыктар үстүбүздөгү жылдын май айында «түшүнүксүз жагдайда» камакка алынган.

Аскар Юнусовдун атасы Абдулазиз Юнусов журналисттерге сот жабык эшик артында өткөнүн, айыпталуучулардын туугандары залга киргизилбегенин билдирди. Анын айтымында, тергөөдө анын баласы айрым куралчан адамдардын жанында турганы чагылдырылган видеодон башка, эч кандай далил болгон эмес.

«Бул — анын күнөөсүнүн жападан жалгыз далили […] Мен өкүмгө макул эмесмин жана анын жокко чыгарылышы талап кылам», — деди ал.

Абдурозик Каххоровдун жубайы Наргис Жабборова журналисттерге сотко Кыргызстан тарабынан дайындалган жактоочу Мэлс Абдураимов гана катышканын билдирди.

Экинчи өкүм

Облустук соттун маалыматына ылайык, Кыргызстандын үч жараны сегиз жарым жылдан 15 жылга чейин эркинен ажыратылды. Үчөө тең «Мамлекетке чыккынчылык кылуу» беренеси боюнча айыпталган.

Кыргызстандык И.А.И «Талоончулук», «Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо» жана «Мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү» беренелери боюнча күнөөлүү деп табылды. Ал 15 жылга эркинен ажыратылып, 100 миң сом айыпка жыгылды.

Кыргызстандын Б.А.И. жана У.А.К аттуу эки жараны «Талоончулук» жана «Мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү» беренелери боюнча күнөөлүү деп табылды. Алар сегиз жарым жылга эркинен ажыратылды. Ошондой эле, соттолгондордун бирөө жабырлануучуга 200 миң сом компенсация төлөп берүүгө милдеттендирилди.

«Соттолуучулардын жакындары сот чечимин жогорку инстанцияга даттана турганын айтышты», — деп билдирди «Азаттык».

Буга чейин «Озоди» радиосу («Азаттыктын» Тажикстандагы бюросу) айыпталгандардын үчөө тең этникалык тажиктер экенин кабарлаган.

Куралдуу жаңжал

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы куралдуу жаңжал 28-апрелде башталып 1-майга чейин уланган.

Ал күнү эки өлкөнүн 100-150 жараны бири бирине таш ыргытып, кийин ок атуу башталган. Буга «Головной» суу бөлүштүрүүчү жайында иш жүргүзүү себеп болгон. Ок атууну биротоло токтотуу макулдашуусу 1-майда өкмөттүк делегациялар сүйлөшүү жүргүзгөндөн кийин жетишилген.

Ошол эле күнү эки өлкөнүн бийлиги кылмыш иштери козголгонун кабарлашкан.

Тажикстандын Башкы прокуратурасы «Агрессивдүү согуш баштоо жана жүргүзүү», ошондой эле «Эки же андан көп адамды өлтүрүү» беренелеринин негизинде эки кылмыш ишин козгогонун билдирген. Башкы прокуратура кыргыз-тажик чек арасындагы ок атууда, Кыргызстандын жарандары аскерлердин жардамы менен «Тажикстандын жергиликтүү тургундарына, инфраструктура объектилерине жана чек ара пунктарына ок чыгарышкан» деп ишендирген.

Кыргызстандын Башкы прокуратурасы тажик тараптын аракетин аскердик агрессия катары баалап, тажик тараптын куралдуу күчтөрү «Баткен облусундагы тынч жаткан, куралсыз элге атайылап ок чыгарганын» белгилеген.

Көзөмөл органынан анда бардык фактылар КЖБРге «Массалык башаламандык», «Тынчтыкка каршы кылмыш», «Бейбаштык», «Бөлөк бирөөнүн мүлкүн талкалоо же жок кылуу», «Мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү» жана «Адам өлтүрүү» беренелери боюнча катталганын билдиришкен.

Кыргызстандын саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, эки өлкөнүн ортосундагы жаңжалдан 36 кыргызстандык каза болуп, 100дөн ашуун адам түрдүү жаракат алган. Тажикстан тараптан 19 жаран каза таап, 80ден ашык киши жарадар болгон.

Баткен облусунда жүздөн ашык үй, үч чек ара посту, эки мектеп, бир бала бакча, бир медициналык мекеме, милициянын имараты, он май куюучу бекет, сегиз дүкөн, төрт соода түйүнү, төрт соцобъект жана башка беш мамлекеттик мекеменин имараты өрттөлүп жана кыйраган. Айрым калктуу жайлар толугу менен кыйроого учураган.

Кыргыз бийлигинин маалыматына ылайык, зыяндын өлчөмү 1,3 млрд сомдон ашат.