«Кезигип такташып алдык». Зулушев менен Жээнчороевдин чырына чекит коюлду

Депутат Мирлан Жээнчороев 22-сентябрдагы парламенттин жыйынында башкы прокурор Курманкул Зулушев менен пикир келишпестикке чекит коюлганын айтты. Анын айтымында, башпрокурор менен депутат эмоцияга алдырып, бири-бирине ашыкча сөздөрдү айтып алышкан.

«Биз кезигип, бардык маселелерди такташып алдык. Ортодогу ушак, түшүнбөстүктөрдү жокко чыгардык. Мындан кийин конструктивдүү нукта мыйзам менен так иштешебиз деп ишенем», — деди Жээнчороев.

Ал эми Зулушев Жээнчороевдин маселени туура түшүнүп, коомчулукка айтып койгонун кубаттады. Ошондой эле, ал башкы прокурор катары өзүнүн жеке кызыкчылыгын мамлекеттик ишке аралаштырбай турганын белгиледи.

«Мен эч качан бирөөнүн артынан заказ берип, арыз алып же камап укугун тебелебейм, акым дагы жок. Иштөө стилимди дагы көрүп жатасыздар, эч кандай заказ менен иш кылбайбыз. Мен милдетимди так аткарам деп ойлойм», — деди Зулушев.

Чыр эмнеден чыккан?

21-сентябрда парламенттин тармактык комитетинин жыйынында Кылмыш-жаза, Кылмыш-жаза процессуалдык жана Укук бузуулар кодексинин жаңы долбооруна карата президент Садыр Жапаровдун айткан каршы пикирин талкуулоо учурунда Зулушев менен Жээнчороев кайым айтыша кеткен.

Анда эл өкүлү Кодекстердин жаңы долбоорунда көптөгөн каталар бар экенин, президенттин каршы пикири жана сунушу туура экенин билдирген. Ошондой эле, кээ бир пункттарын талкуулоо үчүн макулдашуу комиссиясы керектигин белгилеген.

«Президент 21-пунктту да карап чыккыла деп айтыптыр. Ал эми башка пункттарда сунуштарын так көрсөтүп берген. Ошондуктан макулдашуу комиссиясын түзүп, карап чыгалы», — деген Жээнчороев.

Мындан улам, Зулушев долбоордун редакциясы каралып бүткөнүн, бул тууралуу башкы прокуратуранын өкүлү Азизбек Шүкүрбеков маалымат берерин айткан.

Шүкүрбековдун маалыматы Жээнчороевди канааттандырган эмес, ал тургай прокуратуранын өкүлүнө «өзүнүн башпрокуратурасына барып мээлеп-сээлеп сүйлөшүн» талап кылган.

Ал ортодо Зулушев эл өкүлүн кекетпей, мыйзамды сыйлап сүйлөөгө чакырган. «Сизге түшүндүрүп атпайбы эми, бул [Шүкүрбековду колу менен көрсөтүп — ред.] жаш бала эмес да сизге [...] Сүйлөп жатканда телефондон сүйлөшпөй укпайсызбы» деген. Ал эми депутат өз кезегинде башкы прокурордон кекетпей сүйлөөнү талап кылган.

«Мен да жаш бала эмесмин да. Курманкул Токторалиевич, сиз эмне мени эми тарбиялайсызбы? Мен түшүнөм, сиз азыр эбегейсиз бийликке ээ болуп жатасыз. Сиздин "Камчыке*, Мирланга бир нерсе таап берчи, менин тилимди укпай жатат" дегендей… Андай кылбаңыз, бул күн да өтөт», — деп жооп кайтарган Жээнчороев.

*Депутат Мирлан Жээнчороев «Камчыке» деп — УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевди айткан.

Ал эми Зулушев депутатка бул айткандарын Камчыкеден* далилдеп берүүсүн талап кылып, эч кимге буйрутма бербегенин билдирген. Ошондой эле, «Мен эч кимге команда бербейм. Эгер команда болсо сизге [кылмыш ишин] таап коюш оңой эле» деп жооп кайтарган.

Парламенттин жыйынынан кийин депутат Мирлан Жээнчороев «Кактус» басылмасына ага УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев телефон аркылуу байланышканын билдирген.

«Ташиев менен сүйлөшүү учурунда баардык түшүнбөстүктөрдү жайгарып жана комитетте айтылган сөздөр ушак жана чындыкка дал келбестигин түшүнүшүп алдык», — деп айткан Жээнчороев.