Ош: Ок атуучу куралдарды мыйзамсыз сактаган тургун кармалды

Сүрөт: Ош ОИИБи

Ош облусунун Ноокат РИИБи тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаранын алкагында 39 жаштагы тургундун үйүнөн мыйзамсыз сакталган 1 даана найы кесилип жасалган ИЖ-18 куралы ок дарысы менен табылып, алынды. Бул тууралуу Ош ОИИБи 21-сентябрда маалымдады.

«Андан сырткары, тинтүү учурунда Калашников автоматынын 9, Макаров тапанчасынын 8 даана огу табылды», — деп жазылат милициянын билдирүүсүндө.

Аталган факт боюнча «Куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү» беренеси менен сотко чейинки өндүрүш башталды. Учурда кармалган тургун сурак берип жатат.

Буга байланыштуу милиция мыйзамсыз сакталган ок атуучу куралдарды, ок дарыларды жана жарылуучу заттарды өз ыктыяры менен тапшырган жарандар кылмыш жоопкерчилигинен бошотуларын эскертти. Ошондой эле өз ыктыяры менен курал-жарактарды өткөрүп берген жарандарга кенемте каралган.

*Мыйзамда ок атуучу курал жана ок дарыны мыйзамсыз сактоого 260 миңден 300 миңге чейин айып пул төлөө же 2 жыл алты айдан 5 жылган чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган.

Буга чейин 3-мартта Ош шаарында «Калашников» автоматын сатууга аракеттенген 45 жаштагы тургун кармалган.  Мындан сырткары өткөн жылдын 18-ноябрында Ош шаарында 23 жаштагы тургундун унаасынан АК-103 үлгүсүндөгү курал алты огу менен, эки бычак жана гашиш алынганы кабарланган.