Белгилүү манасчы Салимбай Турсунбаев 62 жашында каза болду

Манасчы Салимбай Турсунбаев 62 жашында мезгилсиз дүйнөдөн кайтты. Суук кабарды маркумдун шакирти Азиз Биймырза уулу билдирди. Анын айтымында, Турсунбаевдин кан басымы көтөрүлүп кеткен.

Маркум 23-сентябрда Кара-Көл шаарында жерге берилди.

Салимбай Турсунбаев 1959-жылы 13-январда Жалал-Абад облусунун Токтогул районуна караштуу Кайырма айылында туулган. Ал 1986-жылдан тартып «Манас» айта баштаган. Ал тез эле эл оозуна алынып, белгилүү манасчылардын сабына кошулган.

Манасчы Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында жашап иштеген. Кара-Көл шаардык Маданият үйүнүн усул бөлүмүндө башкы усулчу, «Балдардын атайын билим берүү борборунда» «Манас сабагы» боюнча мугалим болуп иштеп, артынан шакирт ээрчитип, жаш манасчыларды таптап келген.

Турсунбаев 1992-жылдан баштап «Манас» айтуу боюнча кароо сынактарга катышып жеңүүчү болгон. Ошондой эле, ал «Маданияттын мыкты кызматкери» төш белгисинин ээси. Кыргыз тилине кошкон салымы үчүн мамлекеттик деңгээлде диплом менен сыйланган.