COVID-19: Акыркы суткада коронавирустун 95 жаңы учуру катталды

Иллюстративдик сүрөт.

Кыргызстанда 23-сентябрга карата коронавирустун 95 жаңы учуру катталды. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.

  • Бишкек шаарында — 44;
  • Чүй облусунда — 20;
  • Ысык-Көл облусунда — 12;
  • Талас облусунда — 4;
  • Жалал-Абад облусунда — 4;
  • Нарын облусунда — 4;
  • Баткен облусунда — 3;
  • Ош облусу — 2;
  • Ош шаары — 2.

Акыркы суткада 96 бейтап коронавирустан айыгып чыкты. Коронавирус жуктургандардын арасында каза болгондор жок.

Кыргызстанда COVID-19 пандемиясы башталгандан бери илдетке чалдыккан бейтаптардын жалпы саны 178 036га жетти. Ал эми өлкө боюнча 172 565 киши оорудан айыкты. Пандемия башталгандан бери илдеттен жалпы 2 595 киши көз жумду.

Учурда ооруканаларда 553 бейтап дарыланып жатат. Үй шартында дарылангандардын саны — 850.

Республикалык штабдын маалыматына ылайык, 23-сентябрга карата COVID-19га каршы вакцинанын биринчи дозасын 6 609 адам, ал эми экинчи дозасын 5 991 адам алды.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.