Экс-депутат Нурматов эки айга УКМКнын ТИЗОсуна киргизилди

Бишкектин Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы 22-сентябрда экс-депутат Кубанычбек Нурматов УКМКнын ТИЗОсуна эки айга камакка алынганын билдирди.

Экс-депутат Кубанычбек Нурматов 20-сентябрда ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектелип кармалган. Тергөөнүн версиясы боюнча, Нурматов 2013-жылы Эсеп палатасынын аудитору болуп турган кезинде «алдамчылык жолу» менен баасы 500 миң доллардан ашкан кыймылсыз мүлккө ээ болгон.

Андан тышкары, «Акипресс» басылмасынын маалыматына караганда ТИМ Кыргызстандын Тажикстандагы элчилигине Нурматовдун талапкерлигин караган. Ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашкандай, экс-депутаттын талапкерлиги каралып жаткан учурда ТИМде тоскоол болучу документтер болгон эмес.

«Нурматовдун мыйзамга жат келген иштерге аралашуусун аныктоо ТИМдин компетенциясына кирбейт жана укук коргоо, ошондой эле сот органдары тарабынан чечилет», — деп кошумчалашты ведомстводон.

Нурматов деген ким?

Кубанычбек Нурматов «Кыргызстан» партиясынан алтынчы чакырылыштын депутаты болгон. Ал мандатын 2021-жылдын 29-августунда тапшырган. Эл өкүлү болгонго чейин 2012-2015-жылдары Эсеп палатасында иштеген.

Мурдараак, 2015-жылдын майында, ага карата «Документтерди жасалмалоо» жана «Алдамчылык» беренелери менен кылмыш иши козголгон. Ал ЖОЖго жасалма документтер менен тапшырган делип шектелген. Кийин Башкы прокуратура бул ишти жаап койгон.

Мындан тышкары, ЖМКнын маалыматына ылайык, ал Эсеп палатасынын аудиторлук кызматына келгенге чейин куралды мыйзамсыз сактоо жана ден соолукка атайылап залал келтирүү үчүн эки жолу кылмыш жоопкерчилигине тартылган. Анда ИИМ менен Башкы прокуратура аларда Нурматовдун мурдагы соттуулугу тууралуу маалыматтары жоктугун кабарлашкан.