Чүй жана Талас облусунда жасалма ПЧР-тест жасоого шектелгендер кармалды

ИИМдин басма сөз кызматы 24-сентябрда коронавируска терс натыйжалуу жасалма ПЧР-тест сатуу фактыларын иликтөө уланып жатканын кабарлады.

Милициянын маалыматына караганда, Чүй облусунун Ысык-Ата жана Аламүдүн райондорунда жасалма тест жасоо боюнча эки факты аныкталган. Дагы бир учур Талас облусунда катталды. Чүй өрөөнүндө жүргөн издөө иштеринин натыйжасында милиция жасалма тест даярдоого шектеп 25 жана 26 жаштагы эки жигитти кармады.

Талас облусунда дагы милиция тарабынан шектүүлөр колго түштү. Факты КЖБРге «Документ жасалмалоо» беренеси менен катталды. ИИМден жасалма тесттин жыйынтыгы 2000 сомдон сатылганын кошумчалашты.

Укук коргоо органдары «Али Токтакунов МедиаХабы» журналист Мээрим Сырдыбаева менен бирге Бишкек жана Талас аймагындагы ПЧР-тесттерди жасалмалап саткан базар тууралуу иликтөө жарыялагандан кийин жасалма ПЧР-тест саткандардын бетин ачуу боюнча активдүү иликтөө иштерин баштаган.

Алар бир нече чек ара өткөрмө пункттарында COVID-19га карата терс натыйжалуу жасалма ПЧР-тесттер мыйзамсыз сатылып жатканын аныкташкан.

ПЧР-тест кызматы дагы деле популярдуу бойдон калууда. Анткени чек арадан өтүп жатканда вакцина алган жарандардан дагы коронавируска терс натыйжалуу тест талап кылынат.

Журналисттердин иликтөөсүнө минкаб дагы реакция кылган. 25-августта министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова жыйын өткөрүп, ИИМге журналисттер айтып чыккан жасалма маалымкат даярдоо боюнча ишти тергөөнү тапшырган.

Ошондой эле, Бакашова саламаттык сактоо министрлигине мыйзам бузуу фактыларын изилдеп, жеке менчик лабораториялардын ишин мыйзамдарга ылайык кароону, ал эми Чек ара кызматына фактылар боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүүнү тапшырган.