COVID-19: Акыркы суткада эки бейтап каза болуп, 87 жаңы учур катталды

Иллюстративдик сүрөт.

Кыргызстанда 24-сентябрга карата коронавирустун 87 жаңы учуру катталды, 92 бейтап айыгып чыкты. Ал эми эки адам илдеттен көз жумду. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.

  • Бишкек шаарында — 46;
  • Чүй облусунда — 16;
  • Ысык-Көл облусунда — 12;
  • Нарын облусунда — 5;
  • Жалал-Абад облусунда — 4;
  • Ош облусу — 4;
  • Баткен облусунда — 3;
  • Талас облусунда — 2;

Кыргызстанда COVID-19 пандемиясы башталгандан бери илдетке чалдыккан бейтаптардын жалпы саны 178 123кө жетти. Ал эми өлкө боюнча 172 657 киши оорудан айыкты. Пандемия башталгандан бери коронавирус жуктурган 2 597 киши көз жумду.

Учурда ооруканаларда 535 бейтап дарыланып жатат. Үй шартында дарылангандардын саны — 858.

Республикалык штабдын маалыматына ылайык, 24-сентябрга карата COVID-19га каршы вакцинанын биринчи дозасын 7 003 адам, ал эми экинчи дозасын 4 906 адам алды.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.