«Кумтөрдөгү» коррупция иши. Сот Асылбек Жээнбековду эки айга камакка калтырды

24-сентябрда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту «Кумтөрдөгү» коррупция иши боюнча кармалган Жогорку Кеңештин депутаты Асылбек Жээнбековдун бөгөт чарасын карады. Соттун чечимине ылайык, ал 30-ноябрга чейин камакта болот.

Ал арада соттун алдына депутаттын тарапташтары чогулуп, Жээнбековду бошотууну талап кылышты.

«Бүгүнкү акцияга жалаң кары-картаңдар жана баатыр энелер чыктык. Баарыбыз буга чейин Садыр Жапаров абакта отурганда Жапаровду абактан бошотууну талап кылып чыкканбыз. Эми Жээнбековду бошотууну талап кылабыз. Акыйкаттуулук болбой жатат, болбосо Жээнбековдун эч кандай кылмышы жок», — деди митингчилердин бири.

Ал эми сотто Жээнбековдун кызыгчылыгын коргоп жаткан адвокат Калыбек Жамангулов сот чечимин «мыйзамсыз» деп атады.

«Асылбек Жээнбеков спикерлик милдетин аткарып турган кезде “Кумтөрдү текшерүү боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын токтомун кабыл алды” деген айыпты тагып жатышат. Бул факт боюнча жөн гана Жээнбеков модератор катары милдетин аткарган. Эч кандай мыйзам бузуу болгон эмес. Соттун чечими адилетсиз, мыйзамсыз болуп калды», — деди адвокат.

Депутат Асылбек Жээнбековду УКМКнын кызматкерлери 2021-жылдын 31-майында кармаган. Ошол эле күнү кечинде Бишкектин Биринчи май райондук соту аны эки айга камоо чечимин кабыл алган.