Министр Бейшеналиев: Назгүл Исакова вакцинадан эмес, коронавирустан каза тапкан

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев 24-сентябрда «Биринчи радионун» эфиринде кыргызстандык Назгүл Исакова COVID-19’дан каза тапканын билдирди.

Буга чейин маркумдун туугандары ал коронавируска каршы вакцинанын терс таасиринен улам көз жумганын айтып чыгышкан. Бейшеналиевдин айтымында, экспертиза вакцина алганга чейин Исакова коронавирус менен ооруп жатканын далилдеген.

«[Маркум] оор формада пневмония болгон. Ал COVID-19’дан каза тапкан», — деп билдирди министр.

Эмне болду эле?

46 жаштагы Назгүл Исаковага Бишкекте Орусиянын «Спутник V» вакцинасы сайылган. Анын туугандарынын айтымында, маркум 19-июлда биринчи дозасын алгандан кийин дене табы көтөрүлүп кеткен.

«118 кызматына чалдык. Апамдын башы ооруп, дене табы көтөрүлүп, бели ооруп жатканын айттык. Буга чейин вакцина алганын да айттык. Бизге бул нормалдуу эле экенин, парацетамол ичиш керек дешти. Дары жардам берген жок. Анан дагы бир жолу 118ге чалдык. Аспирин, ибупрофен, терафлю ичүүнү сунушташты. Бирок ал да жардам берген жок. Андан кийин тез жардамга чалдык, бирок ал жактан эмдөөдөн кийин бейтаптарды кабыл алышпасын айтышты», — деп билдиришкен маркумдун жакындары.

Исакованын жакындарынын айтымында, андан кийин алар бейтапты жеке менчин медборборго алып барып, ал жактан ага витамин сайып, кан басымы бир аз оңолгон.

«Үйгө кайтып келгенден кийин абалы кайра начарлап кетип, Исанов көчөсүндөгү тез жардам станциясына алып бардык. Ал жактан фельдшер карап, бардыгы жайында экен деди. Дене табы жок деп үйгө кетиришти. Кийинчерээк абалы өтө начарлап, денеси муздап, дене табы түшүп кетти. Буттары көк тартып, кулагы укпай, тили булдуруктап калды», — деп билдиришкен туугандары.

Андан кийин аял Бишкек шаардык ортопедия жана травматология илим-изилдөө борборунун токсикология бөлүмүнө жеткирилип, 22-июлда ошол жерден каза тапкан.

Ленин райондук бириктирилген үй-бүлөлүк медицина борборунун директорунун м.а. Чоро Сатаевдин айтымында, маркум вакцина алган учурда саламаттыгы жакшы болгон.

Өлкөдө COVID-19га каршы эмделгендердин арасында каза тапкандар жок

Бейшеналиевдин айтымында, Кыргызстанда COVID-19га каршы эмдөө алгандардын арасында өлүм фактылары катталган эмес.

«Мен коомчулукка кайрылып кетет элем, биз вакцина алганда гана COVID-19ду жеңебиз», — деп белгилеген чиновник.

Кыргызстандагы эмдөө

Учурда кыргызстандыктарга вакцинанын үч түрү жеткиликтүү: Кытайдын Sinopharm, Орусиянын Sputnik V жана англо-шведдик AstraZeneca вакциналары. Ошондой эле, өлкөгө гумжардамдын алкагында Казакстандын QazVac вакцинасы келген.

Ал тургай Кыргызстан аны каттоого алган, бирок азырынча аны менен жарандарын эмдеп баштай элек.

Республикалык штабдын маалыматына караганда, COVID-19га каршы вакцинанын эки дозасын тең алгандардын саны 588 миңден ашты. Биринчи дозаны 792 миңден ашуун кыргызстандык сайдырган.

Кыргызстанда COVID-19 пандемиясы башталгандан бери илдетке чалдыккан бейтаптардын жалпы саны 178 123кө жетти. Пандемия башталгандан бери коронавирус жуктурган 2 597 киши көз жумду.