Акыркы суткада COVID-19 жуктурган 2 киши каза болду, жаңы 59 учуру катталды

Иллюстративдик сүрөт

Республикалык штаб 27-сентябрга карата акыркы суткада коронавирус жуктурган 2 киши каза болгондугун маалымдады. Кыргызстанда илдеттен 2 602 киши көз жумду.

Ошондой эле, COVID-19дун жаңы 59 учуру катталды — Бишкек шаарында — 33, Чүй жана Ысык-Көл облустарында — тогуздан, Жалал-Абад жана Нарын облустарында — төрттөн. Жалпысынан Кыргызстанда COVID-19га чалдыккан бейтаптардын саны 178 317ге жетти.

Мындан сырткары, акыркы суткада 64 бейтап коронавирустан айыгып, үйлөрүнө чыгарылды. Ушуну менен өлкө боюнча 172 912 киши оорудан айыкты. Ал эми ооруканаларда 491 бейтап дарыланып жатат. Үй шартында дарылангандардын саны — 834.

Ошондой эле, акыркы суткада жалпы 1 745 киши эмдөөдөн өттү. Республикалык штабдын маалыматына ылайык, 27-сентябрга карата COVID-19га каршы вакцинанын биринчи дозасын 803 миңден ашуун адам алды, ал эми экинчисин — 730 миңден ашуун.