Лейлек: Тажик жарандары тарабынан кармалган эки окуучу Кыргызстанга кайтарылды

Архивдик сүрөт. Сүрөт: Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү

23-сентябрда Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Жаштык айылына жакын жерде тажикстандыктар тарабынан кармалган эки окуучу Кыргызстанга кайтарылды. Бул тууралуу УКМКнын чек ара кызматы билдирди.

Алдын ала маалыматтар боюнча, окуучулар кыргыз-тажик чек арасынын шарттуу аймагында аткезчи жүктү жүктөөгө жардам берип жүрүшкөн. Ал арада Тажикстан тарабынан белгисиз адамдар келип эки кыргызстандыкты кармап, «Мерседес-Бенц Спринтер» үлгүсүндөгү унаа менен кошо Тажикстандын аймагына алып кетишкен.

Сүрөт: Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү

Ал эми 24-сентябрда президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев жетектеген делегация Тажикстандын Согди облусунун башчысы Ражжабой Ахмадзода менен жолугушту. Сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында тажик тарап кармап кеткен эки окуучу бошотулган.

Чек ара кызматынан жолугушууда өспүрүмдөрдүн кармалышына тажик күч органдарынын кызматкерлеринин катышуусу бар-жогу да каралган.

Мындан сырткары, Алимбаев жана Ахмадзода 23-сентябрда Баткен районунун Көк-Таш айылы менен Исфара районунун Сомониён айылынын тургундарынын ортосунда чыккан жаңжал да талкууга алынган.

«Эки тарап орун алган окуяларды жөнгө салуу жана чек аралаш аймактарда коомдук саясий абалды көзөмөлдөө, эки элдин ортосунда чыр-чатакка жол бербөө жана да соц баракчаларда чыгып жаткан чагымчыл маалыматтарды көзөмөлдөө боюнча макулдашты», — деп билдиришти президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн.

Ал эми УКМКнын чек ара кызматы «чырдын ырбап кетүүсүнө жол бербөө максатында» Лейлек районундагы аскер бөлүктөрү күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөп жатышканын кошумчалады.

Көк-Таш айылында окуучулардын сабалышы

23-сентябрда Баткен облусунда кыргыз окуучуларына байланыштуу дагы бир чыр катталган. Анда Баткен районунун Көк-Таш айылындагы Шайдулла Ганы атындагы мектебинин төрт окуучусу Тажикстандын 30 окуучусу тарабынан сабалган.

Маалыматка ылайык, Ганы мектебинин 8-класстагы окуучулары үйлөрүнө кайтып жатышканда Тажикстандын Сомониён айылынын 11-класстагы окуучулары алар менен «жол талаша кетип», кыргызстандыктар ур-токмокко алган.

Көп өтпөй сабалган балдардын аталары жана туугандары эки тажик окуучусун жана алардын ата-энесин ур-токмокко алышкан. Баткен райондук администрациясы бул окуядан соң эки тараптан 20-40 чакты тургун топтолгонун билдирген.

Ал эми «Озоди» басылмасы Сомониён айылынын тургундарына таянып «Көк-Таш айылынын тургундары мектептен кайткан тажик балдарына таш ыргытканын» жазды. Маалыматка ылайык, «бир жаш бала жана чоң киши аймактык ооруканага жаткырылган». Ошондой эле тажикстандыктардын сабалганын Исфара шаарынын администрациясы да тастыктаган.