Кара-Кулжа районунун акими болуп Дамир Кулубаев дайындалды

Дамир Кулубаев

Ош облусунун Кара-Кулжа районунун акими болуп Дамир Кулубаев дайындалды. Тиешелүү буйрукка президент Садыр Жапаров 27-сентябрда кол койду.

Буга чейин аталган районду Аманкан Кенжебаев жетектеген. Ал Жогорку Кеңешке талапкерлигин коюп жаткандыгына байланыштуу 15-сентябрда өз арызынын негизинде кызматтан бошотулган. Кенжебаев төрт ай мурда Сокулук районунан ротацияланып келген болчу.

Дамир Кулубаев — 43 жашта. Ал Бишкек шаарында туулган. Аталган кызматка дайындалганга чейин Каржы министрлигинин алдындагы бюджеттик кредиттерди башкаруу агенттигинде башкаруу адиси болуп иштеген.

Кулубаев 2009-жылы ОшМУнун юридикалык институтунун бүтүргөн. 2010-жылы ӨКМдин Панфилов райондук бөлүмүнүн башчысы, 2012-жылы Жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу министрлигинин жетектөөчү адиси, бир жылдан кийин Мамлекеттик ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча инспекциясынын башкы инспектору болуп эмгектенген.

Ошондой эле, Кулубаев 2013-жылдын 4-ноябрынан тартып эки жыл Чүй облусунун Панфилов райондук мамлекеттик администрациясынын аппарат жетекчиси болуп турган. Андан соң 2017-жылга чейин Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин стат-катчысынын милдетин аткаруучу, министрдин кеңешчиси болгон.

2017-жылдын 7-июнунда Чүй облусунун Панфилов районунун акими болуп дайындалып, районду бир жыл башкарып турган.