COVID-19: Акыркы суткада коронавирустун жаңы 58 учуру катталды

Иллюстративдик сүрөт

Республикалык штаб 28-сентябрда карата акыркы суткада коронавирус жуктурган 2 киши каза болгондугун маалымдады. Кыргызстанда илдеттен 2 604 киши көз жумду.

Ошондой эле, COVID-19дун жаңы 58 учуру катталды — Бишкек шаарында — 30, Чүй облусунда — 14, Ош шаарында жана Нарын облусунда — бирден, Ош облусунда — эки, Ысык-Көл облусунда — он. Жалпысынан Кыргызстанда COVID-19га чалдыккан бейтаптардын саны 178 375ке жетти.

Мындан сырткары, акыркы суткада 93 бейтап коронавирустан айыгып, үйлөрүнө чыгарылды. Ушуну менен өлкө боюнча 173 005 киши оорудан айыкты. Ал эми ооруканаларда 476 бейтап дарыланып жатат. Үй шартында дарылангандардын саны — 811.

Ошондой эле, акыркы суткада жалпы 10 316 киши эмдөөдөн өттү. Республикалык штабдын маалыматына ылайык, 28-сентябрга карата COVID-19га каршы вакцинанын биринчи дозасын 809 миңден ашуун адам алды, ал эми экинчисин — 603 миңден ашуун.