Өзбек-ооган чек арасында ок атылып, Өзбекстандын аскери курман болду

Ооганстан менен чек арадагы атышууда өзбекстандык аскер көз жумду. Бул тууралуу Өзбекстандын президенти Шавкат Мизиёев Наманганда өткөн шайлоочулар менен жолугушуу учурунда билдирди.

Анын айтымында, жаңжал 26-сентябрда катталган. Анда ооганстандык баңгизат соодагери өзбек чек арасын кесип өтүүгө аракет кылган.

«Биз кол тийбестик маселесинде катуу турабыз жана зарылдык пайда болсо чек араны коргоо үчүн курал колдонобуз. Кечээки кырдаалда өз милдетин каармандык менен аткарган аскерибиз баатырларча курман болду. Ал ушул жердин — Намангандын уулу болчу», — деди Мирзиёев.

Ооганстанда бийликти басып алган «Талибан»* кыймылынын өкүлдөрү өлкөнү «баңгизаттан тазалайбыз» деп 17-августта эле айтышкан. Ооган өкмөтүнүн басма сөз катчысы Забихулла Мужахиддин айтымында өлкөдө мындан ары наркотик иштелип чыкпайт жана «эч ким аткезчилик менен манзат ташууну уюштурууга аралаша албайт».

*«Талибан» — радикалдуу ислам кыймылы, ага Кыргызстанда жана бир катар дүйнө мамлекеттеринде тыюу салынган жана террористтик деп табылган.

Ооганстан менен мамилени жөнгө салуу

14-сентябрда Өзбекстан Ооганстанга азык-түлүк жана кийим-кече түрүндө гумжардам жөнөткөнү белгилүү болгон.

Ошондой эле, Орусия терроризм менен күрөшүүдө «Талибанды» колдоого даяр экенин билдирген.

Бирок Кыргызстан менен Казакстанга салыштырмалуу бул эки мамлекеттин өкүлдөрү ооган өкмөтү менен өкмөттүк деңгээлде расмий жолугушуу өткөргөн эмес.

23-сентябрда Кабул шаарына Кыргызстандын делегациясы барып, ооган өкмөтүнө гуманитардык жардам жеткирген. Андан соң Казакстандын элчиси Кабулга барган.