Ош: 22 жаштагы кыз киши өлтүрүүгө шектелип кармалды

Шектүү. Сүрөт: Ош ШИИБинин басма сөз кызматы

Ош облусунун Кара-Суу районунун 22 жаштагы тургуну киши өлтүрүүгө шектелип кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 29-сентябрга караган түнү Ош шаарындагы «Кенч» кафесинин алдында 37 жаштагы тургун бутунан жаракат алып, ооруканага жеткирилген.

Саат 02:55те милицияга шаардык клиникадан Мирбек аттуу тургун бутунан миздүү нерседен жаракат алып түшкөндүгүн кабарлашкан. Ыкчам тергөө тобу ооруканага барган убакта жабырлануучу кан көп кеткендиктен каза болуп калган.

Тергөө тобу окуя болгон жерге барып, маркумга таандык болгон кандын тактары бар ак түстүү футболка, көк түстүү шым жана ак түстөгү бут кийим далил буюмдар катары табылып алынган.

Сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында маркумдун досу жана алар менен кафеде чырдаша кеткен 22 жаштагы эки кыз суралган. Ош ШИИБинин басма сөз кызматынан «Клоопко» билдиргендей, суракта кыздар «Кенч» кафесинде отуруп ичимдик ичишкенин айтып беришкен.

Алар маркум жана анын досу менен сөз талашуудан уруша кетип сыртка чыгышкан. Ошол учурда кыздардын бири маркумдун бутуна колундагы бүктөмө бычагы менен бир жолу уруп жиберген.

Аталган факт КЖБРге «Ден соолукка оор зыян келтирүү» беренеси менен катталып, тергөө амалдары башталды. Маркумдун каза болуусунун себебин аныктоо максатында соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

Кылмышка шектүү катары кармалган кыз Ош ШИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Ошондой эле, милициядан ал буга чейин «Ээнбаштык» беренеси боюнча соттолгон деп белгилешти.