УКМК: Ош аэропортундагы чек арачылар акча опузалоого шектелүүдө

Ош эл аралык аэропорту

Ош эл аралык аэропортунун көзөмөл пунктундагы Чек ара кызматынын кызматкерлери чет өлкөлүктөдөн акча опузалоого шектелип жатат. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынан 29-сентябрда кабарлашты.

Маалыматка ылайык, чек арачылар «кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып», системалуу түрдө чет өлкөлүктөрдөн акча опузалап жүрүшкөн. Учурда атайын кызмат 20 чек арачынын үстүнөн текшерүү жүргүзүп жатат.

Буга чейин Өзбекстан жана Тажикстандын жарандары Ош облусундагы көзөмөл өткөрмө пункттарында «акча опузалоо» болуп жатканын айтып даттанышкан.

Алгач укук коргоочу Валентина Чупик Оштун аэропортуна келген тажикстандыктар «орой мамилеге» кабылып, күч органдары алардан акча опузалап жатканын билдирген. Бул айыптоолор кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалдан кийин айтылган.

Кийинчерээк Исраил аттуу өзбекстандык блогер Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровго кайрылып, Ош облусундагы «Достук» өткөрмө бекетиндеги чек арачылар Өзбекстандын жарандарынан акча алып жатканын кабарлаган. Блогердин айтымында, чек арачылар ар бир адамдан 50 миң сум (дээрлик 400 сом) талап кылышат.

УКМКнын Чек ара кызматы эки билдирүүнү тең четке каккан.