Алты айлык наристеси менен митингге чыккан Муса Жаназаковдун кызы ооруканага жаткырылды

Муса Жаназаковдун президент Садыр Жапаровго кайрылып жаткан учурунан скрин. 

Өкмөт үйүнүн алдына митингге алты айлык ымыркайы менен чыккан Муса Жаназаковдун кызы дарылануу үчүн Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун хирургия бөлүмүнө жаткырылды. Бул тууралуу «Клоопко» Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.

29-сентябрда Жаназаков алты айлык кызын көтөрүп өкмөт үйүнүн алдында президент Садыр Жапаровго кайрылуу жасаган. Анда майып болуп төрөлгөн кызын дарыгерлер коронавируска шектеп, бирок ооруканага жаткырбай жатышканын айткан.

«Бир дарыгер болсо коронавируска шек бар дейт, дагы бирине барсак, хирургия дейт, бирок ал жака да албай жатат. Рентгенге кайрадан тарттыралы десек да болбой жатышат [...]», — деп кейиген ал.

Мындан сырткары, Жаназаков саламаттыкты сактоо министирлигинин кабылдамасында эки жолу болгонун жана Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна да барганын белгилеп, жыйынтык чыкпай жатканын айткан.

«Жалга барабыз [Эне жана баланы коргоо улуттук борбору — ред.], ал жакта түшкө чейин талон түгөнүп калат, түштөн кийин болсо акча бергендерди гана кабыл алат. Ушинтип ушул кызым төрөлгөндөн бери көйгөйдө жүрөбүз», — деген ал.

Кийинчерээк «24.kg» басылмасына Жаназаков президенттин өкүлдөрү чыгып, анын арыз-даттанууларын укканын маалымдаган. Андан соң министрликке барып, нараазычылыктарын айткандан кийин ал Тез жардам унаасын чакырууга аргасыз болгон. Себеби, кызын «ооруканага жаткыруунун мындан башка жолу жоктугун» билдирген.