Бишкек: Балалуу аялды коляска үчүн маршруткага салбай койгон айдоочу иштен алынды

Сүрөт: Милициянын кайгуул кызматы

Бишкек шаарында балалуу аялга орой мамиле жасап, маршруттук таксиге киргизүүдөн баш тарткан айдоочу жумуштан алынды. Бул тууралуу «Клоопко» Бишкек ШИИББнин кайгуул кызматынын маалымат катчысы Байказы Айтикул уулу билдирди.

Айтикул уулунун айтымында, видео соцтармактарга чыгаар замат милициянын кайгуул кызматы №203 каттамдагы маршрутканын 37 жаштагы айдоочусун аныктаган.

Сурак маалында айдоочу «бир жыл мурун маршруткага коляска салынганда, анын кесепетинен машрутканын ичиндеги адамдар жабыркаганын» айтып берген. Мындан улам айдоочу «чыгымга учураганын» белгилеген.

Учурда бул окуяны Ленин райондук ички иштер башкармалыгы териштирип жатат. Ошондой эле айдоочу коомчулуктан кечирим сураганы кабарланды.

Мындан сыркары, милиция кызматкерлери №203 маршурттук каттамдын бригадасын текшерүүгө алды. Анын жыйынтыгында укук коргоо органдары техникалык бузууларды аныктап, бригадага 10 миң сомдук протокол түздү.

Телеграм-каналдарда жана соцтүйүнгө айдоочусу балалуу аялды унаага салбай, орой мамиле жасаган видео тараган. Анда окуя 30-сентябрда Ахунбаев жана Жунусалиев көчөлөрүнүн кесилишинде, саат 10:15 чамасында болгону кабарланган.

Чырдын чыгышына аялдын колундагы чакан коляска себеп болгон. Айдоочу «коляска үчүн дагы акча төлөйм» дегенине карабай эне-баланы салбай койгон.

Видеодон айдоочу аялды күч менен түртүп, эшикти жаап алууга аракет кылганын, ал эми энесин колунан жетелеген наристе ыйлап жатканын көрүүгө болот.

Кийин мэриядан коомдук транспортто алып жүргөн жүк 40 килограммдан ашып, көлөмү 50*60*100 болгон учурда гана акы төлөнөрүн белгилешкен.