COVID-19: Акыркы суткада эки бейтап каза болуп, 88 жаңы учур катталды

Иллюстративдик сүрөт.

Кыргызстанда 30-сентябрга карата коронавирустун 88 жаңы учуру катталып, 104 бейтап айыгып чыкты. Ал эми эки адам илдеттен көз жумду. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

  • Бишкек шаары — 54;
  • Чүй облусу — 15;
  • Ысык-Көл облусу — 12;
  • Жалал-Абад облусу — 3;
  • Нарын облусу —2;
  • Талас облусу — 1;
  • Ош облусу — 1.

Кыргызстанда COVID-19 пандемиясы башталгандан бери илдетке чалдыккан бейтаптардын жалпы саны 178 532ге жетти. Ал эми өлкө боюнча 173 206 киши оорудан айыкты. Пандемия башталгандан бери коронавирус жуктурган 2 607 киши көз жумду.

Учурда ооруканаларда 430 бейтап, ал эми үй шартында 808 адам дарыланып жатат.

Республикалык штабдын маалыматына ылайык, 30-сентябрга карата COVID-19га каршы вакцинанын биринчи дозасын 6563 адам, ал эми экинчи дозасын 6050 киши алды.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.