«Элиза үй буюмдары» каржы пирамидасы боюнча иш сотко өттү

Шектүүлөр

Бишкек шаарында «Элиза үй буюмдары» каржы пирамидасынын негиздөөчүлөрү Элиза Бактыбек кызы жана анын күйөөсүнүн иши тергелип бүтүп, 30-сентябрда сотко өткөрүлдү. Бул тууралуу «Клоопко» Свердлов РИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

24 жаштагы Бактыбек кызы жана анын 27 жаштагы күйөөсү «Каржы пирамидаларын уюштуруу» беренеси менен шектелип, үстүбүздөгү жылдын 27-июлунда кармалган. Шектүүлөрдүн үстүнөн «акчасын салып, алданып калган» ондогон киши милицияга арыз менен кайрылган.

Ошол эле күнү «Элиза үй буюмдары» каржы пирамидасынын 30га чукул мүчөсү РИИБдин имаратынын алдына митингге чыгышкан. Алар «Элиза үй буюмдарынын» жетекчисин бошотууну талап кылышкан жана «ага тиешелүү номурларды мыйзамсыз өчүргөн» деп «Мегаком» уюлдук операторуна наарызычылыгын билдиришкен. Акция эртеси күнү да уланган.

5-августта Свердлов райондук соту шектүүлөрдү үй камагына чыгарган. Буга Бактыбек кызынын 1,5 жашар наристеси жана алты айлык боюнда бар болгону негиз болгон. Ал эми анын күйөөсү аларга коюлган айыптарды мойнуна алган. Мындан сырткары «Элиза үй буюмдарынын» акча каражаттары жана электрондук эсептери камакка алынган.

Ал эми 23-сентябрда каржы пирамидага алданган 500гө чукул киши Бишкектин Фучик жана Месароша көчөлөрүнүн кесилишинде чогулушкан. Милициянын маалыматына ылайык, чогулгандарга «Элиза үй буюмдарынын» өкүлү соцтармактар аркылуу аларга «акчаларын кайратып берүүнү убадалаган». Бирок акчаны кайтарып берүүнү убада кылган адам өзү келбей койгон. Жерине милиция кызматкерлери барып түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн соң алар тарап кетишкен.