«Парламенттеги №1 ууру». Ак үйдүн алдында депутат Ибраевге каршы митинг өтүп жатат

Бишкекте 4-октябрда Ак үйдүн алдында Жогорку Кеңештин депутаты Саматбек Ибраевге каршы митинг өтүп жатат. Бул тууралуу калаа мэринин мурдагы кеңешчиси Гуля Алмамбетова фейсбук барагында жазды.

Алардын колдорунда «Мошенниктин парламентте отурууга моралдык укугу жок», «Ибраев парламенттеги №1 ууру», «Ибраевдин үй-бүлөсү адамдардын жашоосун бузуп жатат» деп жазылган плакаттарды алып чыгышкан. Алар президент Садыр Жапаровдон көңүл буруп, жардам берүүнү суранышууда.

Ибраев деген ким?

Саматбек Ибраев — парламент депутаты, финансисттер жана Улуттук банктын мурдагы төрагасы Толкунбек Абдыгулов сынга алган финтех жөнүндөгү чуулгандуу мыйзам долбоорунун автору.

Ошол эле учурда, үстүбүздөгү жылдын жай айларынан тартып Ибраев бир канча ирет ошол кездеги Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловду сындаган.

Анда ал финтех-компаниялар коммерциялык банктарга салыштырмалуу тобокелдүү банк операцияларын жүргүзбөйт, ал эми Улуттук банк «легалдуу финтехкке тоскоолдук жаратууда» деп билдирген.

Парламенттин 29-сентябрдагы жыйынында, Абдыгуловдун отставкасы каралып жатканда Ибраев Улуттук банктын 2014-жылдан берки ишмердүүлүгүн текшерүү үчүн депутаттык комиссия түзүүнү сунуштаган.

Буга Абдыгулов «Ибраевге татыктуу жооп бериш үчүн мамкызматкердин этикасы жол бербей жатканын» жана пикирин кызматтан кеткенден кийин ачык билдирерин айтып жооп узаткан.Мындан тышкары, Ибраевдин репутациясы бир нече ирет күмөнгө коюлган.

Ибраев мыйзам долбоорун Фроловдун «Бай жана бактылуу Кыргызстан» концепциясына таянып жазганы белгиленген. Ал эми банкирдин жүрүм-туруму шек туудурат, бул факты дагы бир катар депутаттарды ойго салган.

Мындан тышкары, депутаттын уулу Данияр Ибраев 2020-жылы өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектелип жети факт боюнча Болгарияда кармалган.

Милициянын маалыматына караганда, 2019-жылы бир нече курулуш компаниялары укук коргоо органдарына кайрылып, «Строймир» ААКнын 28 жаштагы башкы директору Данияр Ибраев аларга курулуш арматурасын жеткирүүнү убадалап, бирок ири суммадагы акчаны алгандан кийин байланышка чыкпай койгонуна даттанышкан.

«Зыяндын жалпы өлчөмү — 507 млн 352 миң 49 сомду түзгөн. КЖБРге жети эпизод катталды», — деп билдиришкен ШИББден.

Тема боюнча: Болгарияда кармалган депутаттын уулун экстрадициялоо процесси башталды