Тыныбекова менен Акматалиев Дүйнө чемпионатында жарым финалга чыкты

Эрназар Акматалиев менен Айсулуу Тыныбекова.

Кыргызстандык спортчулар Айсулуу Тыныбекова менен Эрназар Акматалиев Норвегиянын Осло шаарында өтүп жаткан эркин күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында жарым финалга чыгышты.

Акматалиев эркин күрөш боюнча 70 килограмм салмакта күч сынашып жатат. Алгач ал Шри-Ланканын спортчусу Каруна Пели Герада менен күрөшүп 10:0 эсебинде жеңген. Экинчи беттешинде армениялык балбан Арман Андреасянды 11:2 эсебинде утуп, чейрек финалга чыккан.

Чейрек финалда ирандык Ерфан Мохаммад Елахини 8:8 эсебинде жеңип, жарым финалга жолдомо алды. Акматалиев жарым финалда орус балбаны Евгений Жербаев менен күч сынашат.

Балбан кыз Айсулуу Тыныбекова алгачкы беттешинде жапон балбаны Нонока Озакини 6:4 эсебинде жеңген. Чейрек финалда Тыныбекова белорус спортчусу Вероника Иванованы мөөнөтүнөн мурда жеңип (6:6), жарым финалга жолдомо алды. Ал жарым финалда Илона Прокопевнюк менен беттешет.

Норвегияда 2-октябрда башталган күрөш боюнча Дүйнө чемпионаты 10-октябрга чейин уланат. Ага жалпы 15 кыргызстандык спортчу катышып жатат.