«Ак желек көтөрүп барган жокпуз» — «Кумтөрдүн» юристи Centerra менен болгон сүйлөшүүлөр тууралуу

«Кумтөр Голд Компани» (КГК) ЖАКтын юрист-консультанты Дмитрий Долматов 4-октябрда Канаданын Centerra Gold Inc. компаниясы менен болгон сүйлөшүүлөр тууралуу айтып берди. Учурда КГКны кыргыз өкмөтү сыртынан башкарууда. 

Centerra Gold Inc. «Кумтөр Голд Компани» «туундуу» компаниясы аркылуу Борбор Азиядагы бийик тоолуу ири алтын кени Кумтөрдү иштеткен. Кыргызстан Centerra Gold’дун акциясынын 26%на ээлик кылат жана компаниянын акцияларынын ири кармоочусу болуп эсептелет.

Бирок 2021-жылдын майында кыргыз бийлиги канадалык компанияны мыйзамды жана экологияны бузган деп айыптап, «Кумтор Голд Компаниге» тышкы башкаруу киргизген.

Женевадагы сүйлөшүүлөр жөнүндө

Долматовдун айтымында, башында Кыргызстан менен Centerra’нын ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн биринчи раунду боюнча маалымат жашыруун болчу.

Андан тышкары, «тараптар сүйлөшүүнүн жүрүшүндөгү маалыматты бири-биринин кызыкчылыгына каршы колдонушун алдын алуу үчүн» эки тараптын делегациясынын бардык мүчөлөрү жайылтпоо тууралуу документке кол койгон.

Долматов Швейцариянын борборундагы сүйлөшүүлөр 28-30-сентябрь күндөрү Hotel President Wilson’до өткөнүн билдирди. Негизи сүйлөшүү Centerra’нын аткаруучу директору Скотт Перринин демилгеси менен уюштурулган.

Женевадагы Hotel President Wilson. Сүрөт: Wikipedia

«Биз деле сүйлөшүүгө каршы эмес болчубуз. Ал жакка ак желек көтөрүп барган жокпуз», — деп баса белгиледи ал.

Анын айтымында, сүйлөшүүдө Кумтөр кени жана анын келечегине байланышкан гана маселелер талкууланган.

«Кумтөрдүн» юрист-консультантынын айтымында, сүйлөшүүлөрдүн биринчи раундунда тараптар кийинки жолугушуу боюнча макулдашкан эмес. Бирок ал Кыргызстан менен Centerra’нын сүйлөшүүлөрү уланышы мүмкүн экенин божомолдоду.

«Делегация өлкөнүн гана кызыкчылыгын коргоду. Биздин так позициябыз бар, ошол багытта бекем турабыз», — дейт ал.

Кумтөр эмне үчүн отчёт бербей жатат?

Долматов билдиргендей, «Кумтор Голд Компани» ишмердиги тууралуу отчётту ар бир маалымат Centerra тарабынан «“Кумтөрдүн” жана Кыргызстандын кызыкчылыгына каршы колдонулушу» мүмкүн экенинен улам бербей жатат.

КГК Centerra менен соттошуп жаткандыктан улам тышкы башкаруу киргизилгенден берки ишмердиги тууралуу отчётту бере албасын «Кумтөр Голд Компанинин» өзүндө дагы бир нече жолу айтылган.

Кумтөрдөгү оор жүк ташуучу унаалар. Сүрөт: «Кумтөр Голд Компанинин» сайты

«Эскерте кетсек, “Кумтөр Голд Компани” – бул соттук териштирүүлөр жүрүп жаткан стратегиялык объект, ошондуктан мыйзамга ылайык, биз таратууга укугубуз жок жашыруун маалыматтар да бар», — деп белгиленген 23-сентябрда ишкананын билдирүүсүндө.

КГК компаниянын тышкы башкаруучусу Тенгиз Бөлтүрүк Маммүлк фондусунун башчысы Мирлан Бакировго ай сайын отчёт берип жатканын билдирен болчу.

Бул боюнча окуңуз: Компания ар бир депутатка отчёт берүүгө милдеттүү эмес — «Кумтөр» эл өкүлдөрүнө жооп берди

Арбитраждык сот тууралуу

Centerra Gold Inc. Кумтөрдө тышкы башкаруу киргизилгенден кийин дароо кыргыз өкмөтүнө каршы арбитраждык милдеттүү териштирүүнү демилгелеген.

Канаданын компаниясы сотто Кыргызстандын бийлиги тарабынан жүргүзүлө турган башкарууну токтотууну көздөп жатат жана 4 млрд доллардан ашуун коюлган айып пулдарды жана салыктык доолорду жокко чыгартууну көздөп жатат.

Ошондой эле, Centerra Gold Inc Кыргызстандын «Кумтөр голд компаниге» каршы аракеттеринин негизинде келтирилген зыянды жана чыгымды кыргыз тарапка төлөтүп алууну көздөйт.

«Арбитраж бир нече жыл өткөндөн кийин сот чечими менен аяктап калбашы үчүн эмес, тараптар сүйлөшүүгө баруунун ыкмасын таба алышы үчүн жүргүзүлүп жатат. Бизге ушундай мүмкүнчүлүк берилип, сүйлөшүүгө кирише баштаганыбыз үчүн президентке жана делегациянын мүчөлөрүнө ыраазычылык билдиребиз. [Сүйлөшүү] жакшы нукта өтөт деп үмүттөнөбүз», — деди Долматов басма сөз жыйында.

Кыргызстанды эгерде ал Centerra’нын сотторунан утулуп калса кандай жыйынтык күтөт деген суроого Долматов «Келгиле, жакшыга үмүт кылалы» деп жооп берди.

Женевадагы сүйлөшүүлөр

Женевада Кыргызстан менен Centerra’нын ортосунда сүйлөшүү болгону иш чара аяктагандан кийин белгилүү болду. Бир катар ЖМКлар 30-сентябрда өздүк булактарына таянып сүйлөшүүлөрдүн биринчи раунду аяктаганын жана кыргыз тарап «жыйынтыкка канааттанганын» жазышкан.

Centerra менен Кыргызстандын ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн биринчи раундунун катышуучулары Скотт Перри, Камчыбек Ташиев, Акылбек Жапаров, Курманкул Зулушев жана Теңгиз Бөлтүрүк. Долматовдун айтымында, сүйлөшүүгө эки тараптын юристтери да катышкан.

Сүйлөшүүлөр башталганы тууралуу Кыргызстандын бийлиги расмий 2-октябрда билдирген.

Президент Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев 2-октябрда кыргыз тарапка «Центерранын» директору түзүлгөн кырдаалды чечүү боюнча «мүмкүн болгон бардык жолдорду, анын ичинде Кыргызстандын “Кумтөр Голд Компани” ишканасына ээлик кылуусун карап көрүү үчүн нейтралдуу аймакта сүйлөшүү» сунушу менен кайрылганын маалымдаган.

«Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен сүйлөшүүгө Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, экономика жана финансы министри Акылбек Жапаров, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, башкы прокурор Курманкул Зулушев, "Кумтөр голд компанинин" тышкы башкаруучусу Тенгиз Бөлтүрүк жана укук тармагындагы адистер барган. Тараптар бири-биринин пикирлерин угушту», — деп белгилеген Султанбаев.

Кийин сүйлөшүүлөр боюнча президент Жапаров өзү да пикирин билдирген.

Ал Кумтөр кени боюнча эл аралык арбитраждык сотто иш Кыргызстандын пайдасына чечилип жатканын билдирген.

«“Эл аралык соттон утулуп калсак эмне болот?” — дегендер да бар экен. Утулбайбыз, утабыз. Макул, дүйнөлүк мафиянын таасирине салып бизди утуп алды дейли. Эмне болот? “Кумтөрдү” көчүрүп кетеби? Жер биздики, тоо биздики, байлык биздики, акыры келип эл да биздики го?» — деп жазган ал Facebook барагына.

Тема боюнча окуңуз: ТИМ: Кыргыз алтынын Индияга экспорт кылуу талкууланып жатат

«Центерранын» өзүндө сүйлөшүүнүн биринчи айлампасы тууралуу азырынча эч кандай билдирүү таратыла элек.