COVID-19: Акыркы суткада 80 жаңы учур катталып, эки адам каза болду

Иллюстратиядик сүрөт.

Кыргызстанда 6-октябрга карата коронавирустун 80 жаңы учуру катталып, эки бейтап каза болду. Илдеттен 90 адам айыкты. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

  • Бишкек шаарында — 40;
  • Чүй облусунда — 22;
  • Ысык-Көл облусунда — 8;
  • Жалал-Абад облусунда — 5;
  • Талас облусунда — 2;
  • Баткен облусунда — 1;
  • Ош облусунда — 1;
  • Нарын облусунда — 1.

COVID-19 пандемиясы башталгандан бери өлкөдө илдетке чалдыккандардын жалпы саны 178 932ге жетти. Ал эми өлкө боюнча 173 712 киши вирустан айыкты. Пандемияда жалпы 2 612 киши көз жумду.

Учурда ооруканаларда 446 бейтап дарыланып жатат. Үй шартында дарылангандардын саны — 676.

Республикалык штабдын маалыматына ылайык, 6-октябрга карата COVID-19га каршы вакцинанын биринчи дозасын 5 601 адам, ал эми экинчи дозасын 5 147 киши алды.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.