Депутаттар Бекешев менен Карашев: Минкабдын башчысы мамкүзөттүн коштоосунда жүрбөшү керек

Жогорку Кеңештин депутаттары 6-октябрда парламенттин кезектеги жыйынында президент Садыр Жапаров демилгелеген «Министрлер кабинети жөнүндө» мыйзам долбоорун талкуулашты.

Жыйын учурунда депутат Дастан Бекешев эмне үчүн минкабдын башчысы сапарларында мамлекеттик күзөт кызматынын коштоосунда жүргөнү тууралуу маселени көтөрдү.

«Бул мамлекеттин бюджетине бир катар чыгымдарды келтирет: биринчиден, мынча адамды коштоо менен камсыздоо, жолдорду тосуу жана эртең мененки тыгындар. Мындан баш тартканга мезгил келип жетти», — деди Бекешев.

Бекешевдин сунушун депутат Аалы Карашев колдоп, бул сунушту мыйзамда көрсөтүлгөн тартипте киргизүү керек деп кошумчалады.

Андан соң Бекешев президенттин парламенттеги өкүлү Анарбек Калматовго кайрылды.

«Азыр минкабдын башчысы президенттин катардагы эле жардамчысы, бирок анын мурдагы премьер-министрдей коштоо менен жүргөнү кандай?» — деди депутат.

Калматов учурда эски мыйзам иштеп жаткандыктан ушундай болуп жатат деп түшүндүрдү. Бирок «Министрлер кабинети тууралуу» жаңы мыйзам кабыл алынгандан кийин аталган маселе каралат.

Тема боюнча: Марипов Ысык-Көлдө кортеждеги унаасынан түшүп, «Audi’ге» отурууга аргасыз болду