COVID-19: Акыркы суткада эки адам каза болуп, 104 жаңы учур катталды

Иллюстративдик сүрөт.

Кыргызстанда 7-октябрга карата коронавирустун 104 жаңы учуру катталып, эки бейтап каза болду. Илдеттен 84 адам айыкты. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

  • Бишкек шаарында — 69;
  • Чүй облусунда — 18;
  • Ысык-Көл облусунда — 10;
  • Жалал-Абад облусунда — 5;
  • Баткен облусунда — 1;
  • Ош шаарында — 1.

COVID-19 пандемиясы башталгандан бери өлкөдө илдетке чалдыккандардын жалпы саны 179 036га жетти. Ал эми өлкө боюнча 173 796 киши вирустан айыкты. Пандемияда жалпы 2 614 киши көз жумду.

Учурда ооруканаларда 451 бейтап дарыланып жатат. Үй шартында дарылангандардын саны — 690.

Республикалык штабдын маалыматына ылайык, 7-октябрга карата COVID-19га каршы вакцинанын биринчи дозасын 5 998 адам, ал эми экинчи дозасын 4 468 киши алды.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.