«Ынтымак», «Чоң Казат» жана «Келечек» партиялары парламенттик шайлоого чогуу барат

«Ынтымак», «Чоң Казат» жана «Келечек» партиялары 28-ноябрда өтө турган парламенттик шайлоого бирге барат. Бул тууралуу маалымат «Ынтымак» саясий партиясы фейсбук баракчасына жарыялады.

«Ынтымак» саясий партиясынын басма сөз кызматынан «Клоопко» партиянын лидери Марлен Маматалиев ар бир партия менен өзүнчө сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөнүн билдирди.

Алгач, 6-октябрда «Ынтымак» менен «Келечек» саясий партиялары биригишкен. Анда келишимге эки тараптын лидерлери Марлен Маматалиев жана Чыңгыз Макешов кол койгон.

«Биз, жаш депутаттар экономикалык секирик жасап, Кыргызстанды жаңы деңгээлге чыгарыш үчүн бириктик» — деп жазылат эки партиянын билдирүүсүндө.

Анын эртеси күнү, 7-октябрда, «Ынтымак» партиясы «Чоң Казат» менен бирикти. Келишимге Маматалиев жана «Чоң Казаттын» жаңы лидери Жаркынбек Касымбеков кол койгон.

«Чоң Казат» жана «Келечек» саясий партиялары

«Чоң Казат» саясий партиясы парламенттик шайлоого катышуу үчүн БШКга 3-сентябрда арыз берген. Аталган партиянын ыйгарым укуктуу өкүлү катары Адиль Токтогонов көрсөтүлгөн.

Партиянын лидери Жаркынбек Касымбеков Бишкектин тез жардам кызматынын мурдагы жетекчиси — ал 2020-жылы жыйынтыгы жокко чыккан парламенттик шайлоого «Чоң Казат» партиясы менен катышкан. Ал эми өткөн жылдын 6-октябрында Касымбеков өзүн саламаттык сактоо министри деп жарыялаган.

Ал 2015-жылы «мыйзамсыз тендер өткөрүүгө» айыпталып, 2018-жылы 300 миң сомдук айыпка жыгылган. Сот аны «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси боюнча күнөөлүү деп тапкан.

Ал эми «Келечек» партиясы БШКга 2-сентябрда арыз берген. Партиянын ыйгарым укуктуу өкүлү катары Аскар Усубалиев көрсөтүлгөн.

Партиянын лидери Чыңгыз Макешов 44 жашта. Ал буга чейин Зергерлер ассоциациясынын башкы директору, Кыргызстан ишкерлер биримдигинин аткаруучу директору, Ишкердүүлүктү өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын төрагасы жана «Борбор-Азиялык капитал» инвестициялык компаниясынын аналитиги болгон.

2020-жылы жыйынтыгы жокко чыгарылган парламенттик шайлоодо Макешов «Ыйман нуру» партиясынын тең төрагасы болуп, аны шайлоого баштап барган. Ал эми үстүбүздөгү жылдын июнь айында Макешов КСДП партиясынан Жогорку Кеңешке депутат болуп келген.

«Ынтымак» жана «Мекеним Кыргызстандын» байланышы

«Клооптун» дата-журналисттери «Биримдик», «Мекеним Кыргызстан» жана «Мекенчил» партияларынын талапкерлери кайсыл партияларга секиргенин аныктап чыгышкан. Анализдин жыйынтыгында «Мекеним Кыргызстан» партиясынын алты талапкери «Ынтымакка» өтүп кеткени аныкталган.

«Ынтымак» партиясы үстүбүздөгү жылдын 11-апрелде 14 шаардык кеңешке катышкан. Партиянын директору — Марлен Маматалиев, ал жокко чыгарылган парламенттик шайлоодо «Мекеним Кыргызстандын» тизмесинде 7-катар сан менен аттанган.

Ошондой эле, «Ынтымак» партиясы менен Ош шаардык кеңешине 2-катарда Семетей Козуев барган. Козуев — «Россия нефть» компаниясынын стратегиялык өнүктүрүү боюнча бөлүмүнүн жетекчиси. Бул компанияга анын агасы Алишер Козуев ээлик кылат. Райымбек Матраимовдун жубайы Уулкан Тургунова да компаниянын энчилеш ээси болгон, бирок Юстиция министрлигинин документтерине ылайык, 2020-жылдын октябрында негиздөөчүлөрдүн курамынан чыгып кеткен.

Кыргызстанда 28-ноябрда парламенттик шайлоо өтөт. Жаңы Конституцияга ылайык, Жогорку Кеңеште 90 депутат беш жылга шайланат. Депутаттардын 54ү партиялык тизме, 36сы бир мандаттуу округ менен шайланышат.