«Келечек-Будущее» партиясынын төрагасы Чыңгыз Макешов парламентте ант берди

Жогорку Кеңештин 30-июндагы отурумунда жаңы депутат Чыңгыз Макешов ант берди. Ал КСДП фракциясынын депутаты Нодирбек Каримовдун ордуна келди. Каримов Өзгөн шаарынын мэри болуп шайланганына байланыштуу мандатын тапшырган.

Макешов 44 жашта. Ал буга чейин Зергерлер ассоциациясынын башкы директору (2008-2012), Кыргызстан ишкерлер биримдигинин аткаруучу директору (2010-2015), Ишкердүүлүктү өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын төрагасы (2015-2018) жана «Борбор-Азиялык капитал» инвестициялык компаниясынын аналитиги болгон.

Учурда ал «Келечек-Будущее» партиясын жетектеп жатат — аталган партия Бишкек жана Ош шаардык кеңешке болгон шайлоого катышат. Макешов Бишкек шаардык кеңешке «Келечек-Будущее» партиясынын тизмесинде биринчи болуп турат.

2020-жылы жыйынтыгы жокко чыгарылган парламенттик шайлоодо Макешов «Ыйман нуру» партиясынын тең төрагасы болуп, аны шайлоого баштап барган.

Ошондой эле Макешов журналисттерге курган маегинде партиянын негиздөөчүсү Айбек Осмоновго бажы кызматынын мурдагы төрага орун басары Райымбек Матраимов тарабынан «басым болгонун» билдирген. Андан сырткары мунун айынан Осмонов партиянын тизмесинен чыгып, шайлоого катышпоого аргасыз болгонун айткан.

*Осмонов «Мекеним Кыргызстан» партиясынын да негиздөөчүсү. Журналист Кудрет Тайчабаров аталган партияны кримчөйрөнүн өкүлдөрү Осмоновдон күч менен тартып алганын билдирген. «Мекеним Кыргызстан» жыйынтыгы жокко чыгарылган парламенттик шайлоодо 2чи орунга ээ болгон — ал Матраимовдордун үй-бүлөсүнө таандык болгону айтылууда. Ал эми Осмонов 24-мартта «Бир Бол» фракциясынан депутат болду.