Акын Мирлан Самыйкожо парламенттик шайлоого катышуу үчүн арыз берди

Мирлан Самыйкожо

Акын Мирлан Самыйкожо Жогорку Кеңешке шайлоого катышуу үчүн БШКга арыз берди. Ал талапкерлигин Нарын облусундагы №32 Кочкор райондук округунан көрсөттү.

Самыйкожо акын, журналист. КТРКда иштеп, октябрь окуяларында башкы директордун милдетин аткаруучу болуп дайындалган. Бирок башаламандыктар учурундагы дайындоолор расмий деп эсептелинген эмес.

Акын акыркы учурларда бийликтин элге жакпаган аракеттерин сындап, коомчулуктагы үрөй учурган окуяларга ыр жазып реакция кылат. Анын ырлары элге сиңип, талкууларга жем таштап, көпчүлүктүн сүймөнчүгүнө айланган.

Ушуну менен 8-октябрга карата бир мандаттуу округдан депутат болууну каалап арыз бергендердин саны жалпы 145ке жетти. Алардын арасындагы учурдагы депутаттар, мамкызматкерлер жана экс-чиновниктер бар.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрга дайындалган, ага 592 млн 531 миң сом сарпталат.

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жаңы Конституцияга ылайык аралаш система менен өтөт — 54 депутат партиялык тизме, 36 депутат бир мандаттуу округ менен. Партиядагы талапкерлер «ачык тизме» менен шайланышат.