«Ата Мекен» партиясы алгачкы бештикти жарыялады

«Ата Мекен» саясий партиясынын алгачкы бештиги. Сүрөт: «Ата Мекен»

«Ата Мекен» саясий партиясы Бишкек шаарында 9-октябрда шайлоого карата съезд өткөрүп, андан соң алгачкы бештикти жарыялады. Алар партиянын лидери Өмүрбек Текебаев, «Реформа» партиясынын лидери Клара Сооронкулова, мурдагы айыл чарба министри Тилек Токтогазиев, иликтөөчү журналист Али Токтакунов жана депутат Наталья Никитенко бар.

Партиянын курултайы М.Горький паркында өттү. Текебаев бийликтин саясатына каяша айткан оппозициялык күчтөр Горький аянтында жыйналып келишкенин белгилеп, «бүгүнкү Конституцияда оппозицияга эч кандай статус берилбегенине карабай, коомдо, тарыхта биздин ордубуз бар, ошон үчүн биз Горький аянтына жыйналып, өзүбүздүн тарыхый ордубузду ээледик» деди.

Съездде «Ата Мекен» оппозициялык, бүгүнкү бийликке альтернативалык саясий күч экенин жарыялады. Ал эми толук тизмени бекитүү маселеси 11-октябрда каралмай болду.

«Ата Мекен» партиясы «Эгемен» коалициясын түзгөн. Бул коалицияга «Реформа», «Туран», «Эгемен Кыргызстан», «Ак калпак» партиялары, «Каныкей коомдук кыймылы» кошулган.

Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышына депутаттарды шайлоо 28-ноябрга дайындалган. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон. Парламенттин депутаттары аралаш система менен шайланат. Анда 120 депутаттын ордуна 54 депутат партиялык тизме боюнча, ал эми 36сы бир мандаттуу округ боюнча шайланып келет.