Сутка ичинде коронавирустун 66 жаңы учуру катталып, эки адам каза тапты

Республикалык штаб акыркы суткада өлкөдө коронавирустан эки бейтап каза таап, вирустун 66 жаңы учуру катталганын билдирди.

Штабдын маалыматы боюнча, пандемия башталгандан бери Кыргызстанда илдет жуктурганы тастыкталган 2 618 адам көз жумган.

Өлкө боюнча коронавирустун жаңы учурлары:

  • Бишкек — 39;
  • Чүй облусу — 12;
  • Ош облусу — 2;
  • Талас облусу — 3;
  • Ысык-Көл облусу — 8;
  • Жалал-Абад облусу — 1;
  • Баткен облусу — 1.

Калган башка аймактар боюнча вирус жуктуруу учурлары катталган жок.

Штабдын маалыматы боюнча, пандемия келгенден бери өлкөдө коронавирус жуктуруунун жалпы 179 186 учуру катталды.

Ал эми акыркы суткада коронавирустан айыгып жана ооруканлардан чыккандардын саны 80 адамды түздү. Өлкө боюнча пандемия убагынан бери жалпы 173 953 бейтап илдеттен айыкты.

Штаб билдиргендей, 9-октябрга карата 446 бейтап стационарларда, 680 адам амбулатордук түрдө дарыланып жатат.

9-октябрга карата маалыматка ылайык, коронавируска каршы вакцинанын биринчи дозасы 864 545, экинчиси 654 185 адамга сайылды.