Баткенде жол кырсыгынан эки адам каза болду

Баткен облусунун Лейлек районунда 12-сентябрда «Хонда Стэпвагэн» жана «Хонда Фит» үлгүсүндөгү унаалар кагышып, эки адам каза болду. Дагы жети адам ар кандай жаракаттарды алды.

ӨКМдин маалыматына караганда, кырсык Исфана — Кайрагач унаа жолунда катталган.

Сүрөт: ӨКМдин басма сөз кызматы

Кырсык болгон жерге үч куткаруучу тартылып, сөөктөрдү унаадан чыгарып, милицияга өткөрүп берген. Ал эми кырсыктан жабыркагандар тез жардам аркылуу Сүлүктү шаардык ооруканасына жеткирилген.

Үстүбүздөгү жылдын 17-августунда дагы ушундай эле жол кырсыгы катталган. Анда Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун 172-чакырымында 10дон ашуун жүргүнчү ташып бараткан «Мерседес-Бенц-Спринтер» жана оор жүк ташуучу «МАН» унаалары кагышып, 23 адам жабыркаган.

Маршрутканын беш жүргүнчүсү окуя болгон жерде каза болгон. Ал эми 74 жаштагы киши жана бир ымыркай ооруканадан көз жумган. Кырсыктан жабыркаган 16 адам Балыкчы шаардык жана Кочкор райондук ооруканасына жаткырылган.

ИИМдин маалыматына таянсак, 2021-жылдын сегиз айында эле Кыргызстанда 4 миң 637 жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен 497 киши көз жумган. Андан сырткары, 6900 адам ар кандай жаракаттарды алган.