Эл артисти Ирина Деркембаева дүйнө салды

9-октябрда 94 жашында легендарлуу опера ырчысы, эл артисти Ирина Деркембаева дүйнө салды. Бул тууралуу президенттин администрациясынын басма сөз кызматы кабарлады.

«Кыргыз театр жана опера искусствосуна өмүрүн арнап, маданият жана искусство тармагына зор салым кошкон Ирина Григорьевна кыргыз элинин, опера жана балет театрынын күйөрмандарынын, замандаштарынын, жакындары менен туугандарынын эсинде түбөлүккө сакталат.

«Маркумдун үй-бүлөсүнө, жакындарына, туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөбүз», — деп билдирди президенттин администарциясы.

Деркембаева — Кыргыз ССРинин жана Бурятия АССРнин эл артисти, Данакер орденинин кавалери. 1978-жылы доцент деген илимий даражага ээ болгон. Вокалисттердин жана балет бийчилеринин бүткүл союздук конкурсунун эки жолку лауреаты.

Ал 1927-жылы 25-декабрда Орусиянын Иркутск облусунун Үңкүрлүк айылында туулган. Чыгармачылык жолун 1942-жылы Улан-Удэ музыкалык драма театрынын кордебалетинде баштаган.

Деркембаева П.И.Чайковский атындагы Москва консерваториясын аяктаган соң 1952-жылдан тартып кыргыз опера жана балет театрынын солисти болуп эмгектенип баштаган.1972-жылдан тартып театрдагы ишин улантуу менен бирге Кыргыз мамлекеттик искусство институтунда, кийин консерваторияда 30 жыл сабак берген. Ал жерден көптөгөн опера ырчыларын даярдаган.