Камактагы саясатчы Равшан Жээнбеков парламенттик шайлоого катышуу үчүн арыз берди

Равшан Жээнбеков БШКнын имаратында

УКМКнын тергөө абагында отурган экс-депутат Равшан Жээнбеков парламенттик шайлоого катышуу үчүн 12-октябрда Боршайкомго арыз берди. Ал БШКнын имаратына конвойдун коштоосунда жеткирилди.

Жээнбеков талапкерлигин Бишкектин №26 Ленин шайлоо округунан көрсөттү. Буга чейин Жээнбековдун ишенимдүү кишиси Боршайкомго саясатчынын документтерин тапшырууга аракеттенген, бирок комиссиядан талапкердин өзүнүн келүүсүн талап кылышкан.

Мындан улам Жээнбеков сотко кайрылып, аны БШКга жеткирүүнү өтүнгөн. Биринчи май райондук соту анын арызын канааттандырды.

«[Шайлоого] мурдагы соодагерлер, кошоматчылар, базаркомдор баратат. Мен элден суранам — бизге окшогон оппозицияны, эгемендүү саясатчыларды шайлагыла. Эгемендүү саясатчылар парламентке келбесе биз эч убакта жакшы парламент алалбайбыз. Эч убакытта жакшы мамлекет алалбайбыз. Баарыңардан суранам, оппозиция парламентке келсин», — деди Жээнбеков аны конвой алып кетип жатканда.

Равшан Жээнбеков 2019-жылдын декабрь айында «Кой-Таш окуяларына» байланыштуу кармалган. Анда ага «Массалык башаламандыктарды уюштуруу», «Адамдарды барымтага алуу» жана «Бийликти күч менен басып алууга аракет кылуу» беренелери боюнча айып тагылган.

2020-жылы октябрь окуяларында Жээнбеков бир катар саясатчылар менен кошо абактан бошотулган. Кийинчерээк сот анын бөгөт коюу чарасын үй камагына өзгөртүп, бирок үстүбүздөгү жылдын 5-августунда аны №1 тергөө абагына кайтарган.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрга дайындалды. Жаңы Конституцияга ылайык шайлоо аралаш система менен өтөт — 54 депутат партиялык тизме, 36 депутат бир мандаттуу округ менен.

Партиядагы талапкерлер «ачык тизме» менен шайланышат. Шайлоого бир мандаттуу округдардан катышууну ниеттенген талапкерлер 13-октябрга чейин арыздарын бериши керек.