Эл аралык валюта фонду Кыргызстандын 12,6 млн доллар тышкы карызын кечет

Экономика жана финансы министрлигинин басма сөз кызматы Эл аралык валюта фонду Кыргызстандын уюмдун алдындагы 12,6 млн доллар карызын кече турганын билдирди.

Алардын маалыматы боюнча, мындай чечимди валюта фондунун кеңеши 2021-жылдын 6-октябрында кабыл алган. Бир гана Кыргызстан эмес, фонддун кеңеши оор кырдаалдын алдын алуу жана жеңилдетүү фонду аркылуу дагы 23 өлкөнүн карызын кечет.

Муну менен Кыргызстандын 2021-жылдын 8-октябрынан тартып 2022-жылдын 10-январына чейинки аралыкка эсептелинген ЭВФтин алдындагы 12,6 млн доллар карызы кыскарат.

«Карыздын кечилиши каржы ресурстарын бошотуп, COVID-19 пандемиясынын таасирин жумшартуу максатында каражаттарды саламаттык сактоо тармагы менен экономикалык колдоого бөлүштүрүүгө мүмкүнчүлүк берет», — деп белгилешти министрликтен.

Кыргызстандын мамлекеттик карызы 2021-жылдын февраль айында 5 млрд долларга чукулдаган.

Кыргызстан кимге карыз?

Каржы министрлигинин маалыматы боюнча, өлкөнүн тогуз кредитору бар, алар менен эки тараптуу жеңилдетилген милдеттенмелер байланыштырат.

Алардын ичинен эң чоңу — Кытайдын Экспорттук-Импорттук банкы. Ага мамлекеттик тышкы карыздын 41,8% же 1 766,00 млн доллар туура келет.

Кыргызстанда эки өнөктөшү менен эки тараптуу жеңилдетилген милдеттенмелер бар. Бул Даниянын Экспорттук-Кредиттик фонду (2,60 млн доллар) жана Германиянын Гермес Кредитверзихерунгс-Актингезельшафт (5,68 млн доллар). Алардын ар бирине тышкы карыздын 0,1% туура келет.

Кыргызстандын ондогон уюмдар жана бирикмелердин алдында көп тараптуу жеңилдетилген милдеттенмелери бар. Баарынан дагы бул категорияга Эл аралык өнүгүү ассоциациясынын алдындагы карыз кирет [МАР - Дүйнөлүк Банктын тобу] — 677,43 млн доллар же жалпы тышкы карыздын 16,1%ын түзөт.

Бул категориядагы карыздар боюнча экинчи орунда Азия өнүктүрүү банкы турат. Ага Кыргызстандын тышкы мамлекеттик карыздын 14,3% же 605,40 млн доллар туура келет.Үчүнчү орунда Эл аралык валюталык фонд, мамлекеттик карыздын 8,9%ы же 376,38 млн доллар ага туура келет.

Мындан тышкары Европа өнүктүрүү жана реконструкция банкы деген дагы кредитор бар, анын алдында Кыргызстанда көп тараптуу жеңилдетилген милдеттенмелери бар. Ага мамлекеттик карыздын 1,2% же 50,23 млн доллар туура келет.