УКМК фейсбуктагы пикири үчүн 21 жаштагы баланы суракка чакырды

Фейсбук колдонуучусу, 21 жаштагы Нурэлес Үмөталиев Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине суракка чакырылганын жазды. Үмөталиевдин айтымында, ал видеокайрылуу аркылуу бийликти басып алууга чакырык жасоого шектелип жатат.

«Экспертиза чыгып, видеокайрылуу аркылуу бийликти басып алууга чакырык кылган деп шектүү болуп жатам, ошондуктан өзүмө адвокат издейм», — деп билдирди Үмөталиев.

Нурэлес Үмөталиевге келген чакыруу 

Үмөталиевдин айтымында, ал постторунда тамак-аштын баасы кымбаттаганына нааразы болуп, президент Садыр Жапаровдун саясатын сынга алган.

Нурэлес Үмөталиевдин барагынан скриншот

Kaktus.media басылмасына курган маегинде ал фейсбуктагы эки пост тууралуу сөз болуп жатканын айтып берген. Буга чейин ал посттору үчүн ИИМге чакырылган.

Үмөталиев ушул тапта юристтер менен адвокаттардын кызматына муктаж болуп жатканын кошумчалаган.

Материал жарык көргөн мезгилде УКМК Үмөталиевдин ишинин чоо-жайын айткан жок.

Буга чейин активист Айсулуу Кудайбердиева УКМКга суракка чакырылган. Андан тышкары, күч органдары анын үйүн тинтүүгө алган. Азырынча активист кайсыл ишке байланыштуу суракка алынганы айтыла элек, бирок Кудайбердиева коррупцияга каршы тынчтык акцияларына такай катышып келгени белгилүү.

Дагы окуңуз: Активист Айсулуу Кудайбердиева УКМКга сурак берип, үйүндө тинтүү жүрдү