АКШда кыргыз жаранынын өлүмү: Трак-компаниянын ээси үн катты

Адилет Муратбеков (ортодо) жана маркум Нургазы Мамыров (оң жакта). Сүрөт Муратбековдун инстраграм баракчасынан алынды.

Америка кошмо штаттарындагы Positive Transportation оор жүк ташуучу компаниясынын негиздөөчүсү Адилет Муратбеков 5-октябрда полициянын огунан каза болгон кыргызстандыктын окуясы боюнча билдирүү жасады. Маркум Муратбековдун компаниясында иштеген.

Эмне болгон?

5-октябрда АКШнын Пенсильвания штатында 27-жаштагы кыргызстандык Нургазы Мамыров полициянын огунан каза тапкан.

Клинтон округунун прокурору Дэвид Строуздун айтымында, алгач жергиликтүү полицияга 5-октябрга караган түнү трактардын токтоочу жайында болжолу «куралдуу каракчылык» болушу мүмкүн делген маалымат түшкөн. Полициянын билдирүүсүндө Мамыров ошол аймакта жүргөн «башка айдоочулардын унааларынын айнегине ок чыгарып, аларды кубалаган» деп айтылат.

Мамыров кубалаган айдоочулар кыргыз жарандары болгону дагы кабарланды.

Ал эми окуя болгон жерге күч органдары барганда Мамыров жүк ташуучу унаасына түшпөй отуруп алган. Ал арада айдоочулардын бири маркум менен сүлөшүүгө аракеттенген.

Полиция кызматкерлери Мамыровдон трактан түшүүнү талап кылган, бирок айдоочу баш ийбей койгон.

«Шектүү унаасын алдыга айдап, бир нече патрулдук унааны сүздү. Ал күч органдарынын кызматкерлерин сүзүп өтүп, чоң жолго чыгууга ниеттенген. Ал эми штаттын полициясы ок чыгарып, шектүүнү жарадар кылган. Штаттын полициясы трактын ичине кирип биринчи жардам көрсөткөн, бирок шектүү ок жеп жарадар болгондуктан каза тапты», — деп билдирди Строуз.

Окуя учурунда полициянын бир нече офицери да жеңил жарадар болгону кабарланган.

«24.kg» басылмасы маркум иштеген компания ага 3 миң АКШ доллар айлыгын төлөп бербегенин, мынан улам айдоочу «эмоцияга алдырып», компаниянын жүк ташуучу унаасын айдап кетип калганын маалымдаган.

Трак-компаниясынын ээси Адилет Муратбеков эмне дейт?

Муратбеков коомго туура эмес маалымат тарап кеткен деп билдирди. Анын айтымында, чыр «төлөнбөй калган маянадан улам чыккан» деген маалымат чындыкка дал келбейт. Ошондой эле Муратбеков айдоочу менен «жакшы жана ишенимдүү» мамиледе болгонун белгиледи.

«Кыска убакытта биз жакшы достошуп алдык, Нургазы мага көп нерсени айтып берген: мисалы, анын атасы инсульт болгонун жана ал үчүн кыжалат болуп жатканын. Мен ага инимдей мамиле кылып жүрчүмүн», — деп жазды Муратбеков.

Муратбеков маркум анын компаниясына үстүбүздөгү жылдын 31-августунда «Макс» аттуу таанышы аркылуу жумушка орношконун билдирди. Мамыров буга чейин да трак-компанияда иштеп, ал жерде «келишпестиктер» болгон дейт Муратбеков.

Ал эми ишкер жана айдоочунун ортосундагы чыр 2-октябрда пайда болгон. Муратбеков ал күнү аялы менен «Петергроф» ресторанына тойго баратканда Мамыров чалып, аны трактын трейлерин (прицебин) компьютер аркылуу «бузуп киргенсиң» деп айыптаган.

«[Нургазы] анын артынан бирөө байкоо жүргүзүп жатканын билгенин, буга чейин да бирөөлөр анын телефонун бузууга аракеттенгенин айтты. Аны жайына коюуну же “өзүмдүн [адамдарыма]” аны жайына коюуну айтып кой деди [...] Сүйлөшүп жатканда аялымды көрүп калып, аны сүйлөшүүгө чакырды. Аялым телефонду алганда ага да аны жайына коюп, [аялымдан] трейлерин бузууну токтотуусун айтты», — деди Муратбеков.

Бул чалуудан кийин Муратбековдун аялы полицияга кайрылууну сунуштаган. Бирок ошол эле күнү кечинде Мамыров кайра чалып, «ойлонбой эле кой, баары жайында» деп кечирим сураган.

Анын эртеси күнү, 3-октябрда, Муратбеков Versailles ресторанында өзү да тушоо кесүү тоюн уюштурган. Тойго Нургазы Мамыров да келген.

«Баары жакшы болчу. Кийинчерээк саат 20:00 чамаларында мага чочуган фотограф-кыз чуркап келди. Ал “бул бала ким, ал сиздин коногуңузбу?” деп сурап баштады, анткени ал [Нургазы] анын фотоаппаратын уурдоого аракеттенген. Анын айтымында, ал тамактануучу жайдын кызматкерлери менен биргеликте фотоаппаратты араң алып калган жана ал [Нургазы] арткы эшиктен качып чыгып кеткен. Ачуум келип, эшикке чыгып ага чалдым», — деди Муратбеков.

Бирок Мамыров окуяны түшүндүрүүнүн ордуна түрдүү нерселерди айтып, жолугушууга чакырган. Муратбеков жолугушууга баруудан баш тартып, эртеси күнү трейлерди алып келип берүүсүн, ортодогу эмгек келишимин бузарын айткан.

4-октябрда Муратбеков айдоочу менен байланышка чыгууга аракеттенген, бирок Мамыров жооп берген эмес. Кийин дагы бир жолу чалганда жооп берип, «сага керек болсо ID-карта аркылуу даректи таап, трейлерди алып кет» деген. Ал эми Муратбеков ага полицияга кайрылууга аргасыз болорун айтканда Мамыров «каалаганыңа арыздана бер» деп жооп узаткан.

Муратбеков полицияга кайрылган. Ал эми 5-октябрь күнү эртең менен ага полициядан чалышып, Нургазы Мамыров тууралуу сураштырып башташкан. Полиция кызматкери Мамыров айдаган трак «окуяга кабылганын» айтып, бирок кененирээк маалымат берүүдөн баш тарткан. Ал эми 6-октябрда Мамыров каза болгону белгилүү болгон.

Муратбеков окуяга күбө болгон Эламан аттуу бала менен дагы байланышканын кошумчалады. Эламандын айтымында, Мамыров ага бычак менен кол салып, башка айдоочунун унаасынын айнегин сындырган. Ал Мамыров менен сүйлөшүүгө аракеттенген, бирок андан майнап чыккан эмес.

Кийинчерээк окуя болгон жерге полиция кызматкерлери келип, Нургазы Мамыровго ок чыгарышкан.

ТЕМА БОЮНЧА:

АКШда полициянын огунан трак айдаган 27 жаштагы кыргыз жараны каза тапты