COVID-19: Акыркы суткада эки адам каза болуп, 63 жаңы учур катталды

Иллюстративдик сүрөт.

Кыргызстанда 13-октябрга карата коронавирустун 63 жаңы учуру катталды, эки бейтап каза болду. Илдеттен 122 адам айыкты. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

  • Бишкек шаарында — 35;
  • Чүй облусунда — 16;
  • Ысык-Көл облусунда — 8;
  • Жалал-Абад облусунда — 2;
  • Талас облусунда — 1;
  • Ош облусунда — 1.

COVID-19 пандемиясы башталгандан бери өлкөдө илдетке чалдыккандардын жалпы саны 179 492ге жетти. Ал эми өлкө боюнча 174 320 киши вирустан айыкты. Пандемияда жалпы 2624 адам көз жумду.

Учурда ооруканаларда 430 бейтап дарыланып жатат. Үй шартында дарылангандардын саны — 623.

Республикалык штабдын маалыматына ылайык, 13-октябрга карата COVID-19га каршы вакцинанын биринчи дозасын 5 441 адам, ал эми экинчи дозасын 4 634 киши алды.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.