Орусия Кыргызстанга күйүүчү майды пошлинасыз жеткирүүнүн көлөмүн көбөйттү

Энергетика жана өнөр жай министрлигинин басма сөз кызматы Кыргызстан менен Орусиянын өкмөттөрүнүн ортосунда мунай каражаттарын жеткирүү тууралуу келишимге кол коюлганын билдирди.

Документке ылайык, Орусия Кыргызстанга 650 миң тонна бензин жана 550 миң тонна дизель майын пошлинасыз берет. 2021-жылга карата күйүүчү май жеткирүүнү кайра кароо тууралуу макулдашууга тараптар 12-октябрда Москвада кол коюшту. Аны менен бирге 2022-жылга карата мунай жеткирүү тууралуу документке дагы кол коюлду.

Энергетика министрлиги мурда Орусиядан пошлинасыз алып келинип турган муйнайдын көлөмү — бензиндики 460 миң тонна, ал эми дизелдики 485 миң тонна болгонун белгилешти.

Буга чейин Кыргызстандын нефтетрейдерлери күйүүчү майды пошлинасыз жеткирүү тууралуу сөз кылышкан. Тагыраак айтканда, жеткирүүнүн көлөмү Кыргызстандагы май куюучу жайларда баалардын өсүп жатканына таасирин тийгизген. Өлкөнүн нефтетрейдерлери 2021-жылдын сентябрь айынан тартып күйүүчү майды Орусиядан пошлина менен ала баштаган.

Уюмдан күйүүчү майды ташып келүүдөгү бажы алымынан улам бензин 1,3-1,7 сомго кымбатташы мүмкүн экенин эскертишкен. Алар акыркы беш жылда Орусия пошлинасыз жеткирген күйүүчү майдын көлөмү өзгөрбөгөнүн, ал эми Кыргызстанда күйүүчү майга болгон суроо-талап жогорулаганын айтышкан.