Сузактагы уулануу: Ооруканага кайрылгандардын саны 100дөн ашты

Ууланган жарандар жаткырылган Сузак аймактык ооруканасы. Сүрөт: Турмуш.

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда тамак-ашка ууланган адамдардын саны 100дөн ашты. Алардын арасында жаш өспүрүмдөр дагы бар. Бул тууралуу «Клоопко» Жалал-Абад ОИИББнын маалымат катчысы Шеркул Турганбаев билдирди.

Турганбаевдин айтымында, ооруканага кайрылган Сузак районунун Бек-Абад айылынун тургундарына жылкынын эти тартылган.

«10-октябрда айыл тургуну небересине той берип, ага 100дөн ашык киши катышкан. Аларга 9-октябрда союлган жылкынын эти тартылган экен. 11-октябрдан тартып тургундар медиктерге кайрылып башташкан», — деди ал.

Окуя Сузак РИИБи тарабынан КЖБРге «Уулануу» беренеси менен катталып, учурда териштирүү иштери жүрүүдө.

Ал эми Turmush басылмасынын маалыматына ылайык, дарыгерлерге кайрылгандардын 16сы райондук ооруканага жаткырылган. Калганы үй шартында дарыгерлердин көзөмөлүндө дарыланышууда.

Ушундай эле окуя үстүбүздөгү жылдын 3-мартында дагы катталган. Анда Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Кара-Суу айылынын тургуну, экс-депутат Алмазбек Эргешовдун эжеси Бурулкан Эргешова 19 адамды чакырып 23-февраль жана 8-мартка карата сый тамак уюштурган. Анда алты киши ууланып, Аксы аймактык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө түшкөн.

4-мартта ооруканага түшкөн алты киши тең каза болгон. Тургундардын бири аларды сый-тамакка жергиликтүү кеңешке талапкер болгон аял чакырганын айткан. Эргешова жергиликтүү кеңешке талапкер экенин тастыктап, бирок чай берүү шайлоого тиешеси жок экенин айткан.

Бул иш боюнча Жалал-Абад ОИИББи Бурулкан Эргешованын үстүнөн «Санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди бузуу» жана «Этиятсыздыктан киши өлтүрүү» беренеси менен иш козгогон. Кийин тергөө иштери аяктап, иш Аксы райондук сотунун кароосуна жиберилген.