Адвокат Нурбек Токтакунов телеграм-аккаунтун ким бузганын айтты

Адвокат жана парламент депутаттыгына талапкер Нурбек Токтакунов фейсбук барагына телефонун кимдер тыңшаганын аныктап чыкканын жазды. Мурдараак ал телеграм-аккаунтуна Xiaomi телефону аркылуу кимдир бирөө киргенин билдирген болчу.

Анын айтымында, мыйзамсыз тыңшоону Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу атайын байланыш кызматы ишке ашырган.

«Бул өтө деле убара кылбаган кыска иликтөөнүн натыйжасында аныкталды. Алгач телеграмдын жөндөөлөрүнөн Xiaomi Redmi 7A үлгүсүндөгү чочун түзмөктү байкадым. Жеке жашоомду бузуп кирген жазууну дароо скриншот кылып алдым.

Андан кийин экранымдын скриншотун ФБга [фейсбук] чыгарсам боорукер адамдар мага телефонум Разаков 55 дарегинде жайгашкан, Мегайландын интернетине туташтырылган түзмөктөн тыңшалганын маалымдашты. Түзмөк Александр Юн деген кишиге таандык», — деп билдирди Токтакунов.

Анын айтымында, аталган дарек боюнча барганда ал жерде атайын байланыш кызматы жайгашканын, ал эми имараттын өзү Президенттин иш башкармалыгына таандык экенин аныктаган.

«Өзүңөр көрүп тургандай, тыңшагандар жаап-жашырганга дагы аракет кылган эмес, карамүртөздүк менен иш кылып жатышат. Атайын байланыш кызматынын сайтында “Атайын байланыш кызматы” мамлекеттик ишканасынын ишмердүүлүгүнүн милдети атайын байланыш кызматын Кыргыз Республикасынын мамлекеттик коопсуздугу жана коргоо тармагынын кызыкчылыгында иш алып баруусун камсыз кылуу, мамлекеттик, коммерциялык, кызматтык жана башка мыйзам тарабынан корголгон сырларды сактоо болуп саналат», — деп белгиледи Токтакунов.

Адвокат УКМК менен Башкы прокуратурага «жеке жашоого кылмыштык менен киришүү тууралуу кат-кабар» жөнөткөнүн кошумчалады.

Нурбек Токтакунов жарандык оюн ачык айтып жүргөн юрист жана саясатчыларды коргогон адвокат катары таанымал. Ал бийликти, айрыкча кеп адам укуктары же мыйзам процедуралары бузулганы тууралуу болгондо байма-бай сынга алып келет.

Активисттерди жана саясатчыларды тыңшоо тууралуу төмөнкү шилтемелерден окуңуздар:

Клара Сооронкулова: ИИМ 100дөн ашуун саясатчылар менен активисттердин телефонун тыңшоого алган