Ноокат шаарынын мэри менен жергиликтүү кеңештин депутаты коррупцияга шектелип кармалды

Кармалган шектүүлөр. Сүрөт: УКМКнын басма сөз кызматы

Ош облусунун Ноокат шаардык мэриясынын эки жооптуу кызматкери кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууга шектелип кармалды. Учурда алар УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы кабарлады.

«Ноокат шаарынын мэри жана шаардык кеңештин депутаты 2017-жылдан 2021-жылдын июнь айына чейинки аралыкта кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, натыйжада бюджетке 15 миллион сомдон ашуун зыян келтиргени аныкталды», — деп айтылат УКМКнын басма сөз кызматы тараткан билдирүүдө.

Бул факты боюнча «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүш ачылды.

Атайын кызматтан учурда сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында шектүүлөрдү кылмыш жоопкерчилиге тартуу жана келтирилген зыянды өндүрүү боюнча ыкчам чаралар көрүлүп жатканын кошумчалашты.

2017-жылдан бери Ноокат шаарынын мэри болуп 43 жаштагы Жоомарт Нурдинов иштеп келет.

Дагы окуңуз: УКМК: Нарын шаарынын мэри алдамчылыкка шектелип кармалды