Ош: «Келечек» базарындагы өрттөн жети объект күйдү, жабыркагандар жок

15-октябрга караган түнү Ош шаарындагы «Келечек» базарында өрт чыгып, жети объект күйүп кетти. Бул тууралуу ӨКМ кабарлады.

Маалыматка ылайык, тилсиз жоо ашканадан чыккан. Өрт анын жанында турган цех жана дүкөндөргө өткөн.

Кырсык болгон жерге жети өрт өчүрүүчү бөлүм, ӨКМдин ыкчам тобу, Ош РЭСтин бир бригадасы жана милиция кызматкерлери тартылган. Тилсиз жоо бир сааттан кийин чектөөгө алынып, саат 03:37де толугу менен өчүрүлгөн.

Өрттүн кесепетинен ашкана, токардык цех, кийим сатуучу дүкөн, азык-түлүк дүкөнү, текстиль дүкөнү жана жаңы курулуп жаткан дүкөндүн чатыры күйүп кеткен. Объекттердин жалпы аянты 700 чарчы метрди түзгөн, жабыркагандар жок.

Үстүбүздөгү жылдын сентябрь айында Баткендеги Кызыл-Кыя шаарынын борбордук базарында өрт чыккан. Анын кесепетинен болжол менен 2500 чарчы метр аянт күйгөн. Тилсиз жоо тогуз сааттан кийин өчүрүлгөн.