Президенттин үй-бүлөсү реабилитациялык борборго 3,5 млн сом берди. Аскар Акаев 1 млн кошту

Президенттин басма сөз кызматы Садыр Жапаров 15-октябрда Бишкекте майыптыгы бар балдардын «Алтын балалык» реабилитациялык борборун ишке киргизүү үчүн каражат чогултуу боюнча кайрымдуулук марафонуна катышканын билдирди.

Борбор Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында жайгашкан. Басма сөз кызматтан билдиришкендей, Жапаров президенттин резервдик фондунан борбор үчүн 3 млн сом бөлүп бергенин маалымдады.

Президент Садыр Жапаров жана саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев.
Сүрөт: өлкө башчысынын басма сөз кызматы

«Муну өзүбүздүн балдар үчүн, жарандар үчүн жасап жатабыз. Андан сырткары, дүйнө жүзүнөн эс алуучуларды жана бейтаптарды кабыл алсак болот», — деп билдирди Садыр Жапаров.

Президенттен тышкары, борбор үчүн Садыр Жапаровдун жубайы Айгүл Жапарова дагы 500 миң сом кайрымдуулук кылды.

Президенттин басма сөз кызматынан Айгүл Жапарова акчаны «президенттин үй-бүлөсүнүн атынан» бергенин билдиришти.

Иш-чарада президент Реабилитациялык борборду 2022-жылдын 1-июну, балдар күнүнө карата ачуу пландалып жатканын кошумчалады. Эгер марафондон чогултулган каражаттар жетпесе, анда мамлекеттик бюджеттен акча бөлүнөт. План боюнча, борбор 8 бөлүмдөн турат.

Реабилитациялык борбордун курулушу 2000-жылдары башталып, дубалдары тургузулган. Бирок 2005-жылдары иш токтоп калган. Азыркы убакта борбордун блокторунун бирин араб кайрымдуулук фонду, дагы бирин «Кумтөр Голд Компани» куруп жатат.

Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар менен балдар үчүн «Алтын балалык» борбору 500 бейтапка ылайыкталган.

«Учурда эки бөлүм иштеп жатат. Кардиохирургиялык бөлүм ачылып, 5 операция жасалды. Мындан сырткары, аллергиялык бөлүм ачылды», — деди президент.

Президенттин үй-бүлөсүнөн тышкары марафондо качкын президент Аскар Акаев дагы кайрымдуулук кылды. Бул тууралуу Vesti.kg басылмасы кабарлады. Алардын маалыматына ылайык, Акаев 1 млн сом берген.

Учурда Аскар Акаев Москвада. Москвага Акаев 2005-жылы 24-мартта президенттик кызматынан кулатылгандан кийин кеткен. Андан бери Акаев Кыргызстанга, «Кумтөр» иши боюнча УКМК менен кызматташуу үчүн бир эле жолу келип кеткен.