Акыркы суткада коронавирустан эки адам каза болуп, 70 жаңы учур катталды

Иллюстративдик сүрөт. Автору: Дмитрий Мотинов, Kloop үчүн.

Кыргызстанда 17-октябрга карата коронавирустун 70 жаңы учуру катталды, эки бейтап каза болду. Илдеттен 69 адам айыкты.

  • Бишкек шаарында — 39;
  • Ысык-Көл облусунда — 12;
  • Чүй облусунда — 8;
  • Талас облусунда — 4;
  • Ош облусунда — 3;
  • Ош шаарында — 2;
  • Нарын облусунда — 2.

COVID-19 пандемиясы башталгандан бери өлкөдө илдетке чалдыккандардын жалпы саны 179 845к жетти. Ал эми өлкө боюнча 174 646 киши вирустан айыкты. Коронавирустан жалпы 2634 адам көз жумду.

Учурда ооруканаларда 536 бейтап дарыланып жатат. Үй шартында дарылангандардын саны — 526.

Республикалык штабдын маалыматына ылайык, 17-октябрга карата COVID-19га каршы вакцинанын биринчи дозасын 4 075 адам, ал эми экинчи дозасын 3 122 киши алды.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.