БУУдагы Кыргызстандын туруктуу өкүлү: Парламенттик комитет Аида Касымалиеванын талапкерлигин жактырды

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети Бириккен улуттар уюмунун Нью-Йорк шаарындагы кеңсесине Кыргызстандын расмий өкүлү кызматына вице-спикер Аида Касымалиеванын талапкерлигин жактырды.

Буга чейин, 17-октябрда, фейсбук барагында Аида Касымалиева Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышына депутат болуу үчүн ат салышпай турганын билдирген.

«Бул ирет шайлоого катышпайм, бирок ар дайым мамлекетибиз жана элибиз үчүн кызматтамын. Бардык талапкерлерге, айрыкча айымдарга ийгилик каалайм», — деп жазган ал.

Эми Касымалиеваны БУУдагы расмий өкүл кылып бекитүү тууралуу жарлыкка президент кол коюшу керек. Учурда Кыргызстандын Бириккен Улуттар Уюмундагы (БУУ) туруктуу өкүлү кызматын 2016-жылдан тарта Миргүл Молдоисаева аркалап келет.

Аида Касымалиева

Аида Касымалиева. Сүрөт: Касымалиеванын фейсбук барагы.

Касымалиева 2017-жылы КСДП партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңешке депутат болуп келген. Ал эми 2018-жылдын 26-декабрында ал парламенттин төрагасынын орун басары болуп шайланган.

Ал 2020-жылдын 4-октябрда болуп өткөн парламенттик шайлоого «бийликчил» делген «Биримдик» партиясынан аттанган. Анткен менен шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылган — буга нааразы болгон саясий партиялардын тарапташтары 5-октябрда мөөнөтсүз митингге чыгып, Ак үй басып алганы себеп болгон. Митингчилер шайлоо таза эмес өткөнүн, добуштар сатылып алынганын жана административдик ресурс колдонулганын айтып чыгышкан.

2020-жылдын 5-октябрындагы митинг. Сүрөт: «Клооп»

10-октябрда «Ала-Арча» резиденциясында парламенттик кезексиз жыйыны өтүп, анда Садыр Жапаров өкмөт башчылыкка бекитилген. Жыйынга вице-спикер Аида Касымалиева да барып, көп өтпөй ал жактан кетип калган. Анын себебин Касымалиева кырдаалга байланыштуу каршылык көрсөтүү деп түшүндүргөн.

Ошондой эле вице-спикер ага карата жасалган коркутуулар тууралуу билдирүү жасап, аны депутат, «Мекеним Кыргызстан» партиясынан талапкер болгон Урмат Самаев «коркутканын» билдирген. Учурда Самаев Токмок шаарынын мэри.

Жогорку Кеңештин вице-спикери Аида Касымалиева резиденциядагы жыйынга чейин парламенттеги көпчүлүк коалицияга премьер-министрликке Садыр Жапаровдон башка талапкерди сунуштоого чакырган.