Акыркы суткада коронавирустун 93 жаңы учуру катталып, эки адам каза болду

Иллюстративдик сүрөт.

Кыргызстанда 19-октябрга карата коронавирустун 93 жаңы учуру катталды, эки бейтап каза болду. Илдеттен 74 адам айыкты. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

  • Бишкек шаарында — 49;
  • Чүй облусунда — 31;
  • Ысык-Көл облусунда — 12;
  • Ош облусунда — 1.

COVID-19 пандемиясы башталгандан бери өлкөдө илдетке чалдыккандардын жалпы саны 180 006га жетти. Ал эми өлкө боюнча 174 766 киши вирустан айыкты. Коронавирустан жалпы 2638 адам көз жумду.

Учурда ооруканаларда 571 бейтап дарыланып жатат. Үй шартында дарылангандардын саны — 527.

Республикалык штабдын маалыматына ылайык, 19-октябрга карата COVID-19га каршы вакцинанын биринчи дозасын 6 521 адам, ал эми экинчи дозасын 5 447 киши алды.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.