Бишкекте баштыкка салынган ымыркайдын сөөгү табылды

Бишкектин Аламүдүн-1 кичи районунун аймагынан баштыкка салынган ичинен ымыркайдын сөөгү табылды. Бул тууралуу «Клоопко» Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнүн басма сөз катчысы Назгүл Иманбаева билдирди.

Иманбаеванын айтымында, ымыркайдын сөөгү табылганы тууралуу маалымат милицияга 17-октябрь күнү саат 11:55 чамасында түшкөн.

Аталган факты боюнча «Коркунучта калтыруу» беренеси менен сотко чейинки өндүрүш иши башталып, тийиштүү экспертизалар дайындалды. Ымыркайдын энеси изделүүдө.

Ушундай эле окуя 2020-жылдын ноябрь айында катталган. Анда Ош шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдөгү батирдин биринде желим баштыкка оролгон ымыркайдын сөөгү табылган.

Анда киндиги кесилбеген эркек ымыркайдын каза болгонуна болжол менен 15 күндөй болгону аныкталган. Маркумдун энеси баласы «өлүк төрөлгөнүн» жана бул кадамга «коркконунан барганын» айткан. Ал эми милиция «Эненин жаңы төрөлгөн баласын өлтүрүшү» беренси менен кылмыш ишин козгогон.

Негизги беттеги сүрөт: иллюстрациялык сүрөт.