Оштогу көп кабаттуу үйлөрдүн биринен желим баштыкка салынган ымыркайдын сөөгү табылды

Иллюстративдик сүрөт

Ош шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдөгү батирлердин биринде желим баштыкка оролгон ымыркайдын сөөгү 2-ноябрда табылды. Бул тууралуу «Клоопко» Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Абсатар Тавакалов билдирди.

Тавакаловдун айтымында, киндиги кесилбеген эркек ымыркайдын каза болгонуна болжол менен 15 күндөй болгон. Муну окуя болгон жерге барган ыкчам тергөө тобу менен медициналык экспертиза кызматкерлери сырттан кароо учурунда аныкташкан.

«Батирдин ээси Ош шаарынын 20 жаштагы тургуну ымыркайдын сөөгүн үйдүн балконунан 2-ноябрда үй тазалап жатканда тапкан. Ал бул батирди 2-октябрда сатып алып, аны убактылуу жашап туруу үчүн жээнине берген. Жээни 18-октябрда Кара-Кулжа районуна кеткендигин кабарлагандан кийин ал үйдө эч ким жашаган эмес», — деди ал.

Тавалаков ымыркайдын энеси үй ээсинин ошол жээни экенин айтып, ал алгачкы берген көрсөтмөсүндө уулун өлүк төрөгөнүн жана бул кадамга коркконунан барганын айтканын кошумчалады. Учурда ымыркайга соттук-медициналык эскпертиза, энесине психикалык экспертиза дайындалды. Экпертизанын жыйынтыгы менен энесине юридикалык баа берилет.

Ал эми учурда аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине «Эненин жаңы төрөлгөн баласын өлтүрүшү» деген берене менен катталып, сотко чейинки тергөө амалдары жүрүүдө. Тавакалов тергөөнүн жүрүшүндө аталган берене өзгөртүлүшү мүмкүн экенин белгиледи.

Буга чейин Баткен облусунун Сүлүктү шаардык соту жаңы көз жарган ымыркайын өлтүргөн жашы жете элек кызга карата өкүм чыгарган. Соттолгон кыз жаңы төрөлгөн ымыркайдын киндигин лезвия менен кесип, андан соң жуурканга ороп эч кимге билгизбестен, ажаатканага таштап салган. Ымыркай тирүү төрөлгөн. Бирок киндиги кесилип кан көп кетип, энеси эмизбегендиктен каза болгону аныкталган.

Сот отурумунда соттолуучунун апасы анын кызы «жаштык кылганын» айткан. Лейлек райондук соту кызды «Эненин жаңы төрөлгөн баласын өлтүрүшү» беренеси менен күнөөлүү деп таап эки жылга эркинен ажыраткан. Ошол эле учурда ага карата мунапыс колдонулуп, ал абак жазасынан бошотулган.